Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо башталды


Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо. 2025-жыл, 30-ноябрь. Бишкек.
Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо. 2025-жыл, 30-ноябрь. Бишкек.

30-ноябрда Кыргызстанда саат 08:00дөн тарта шайлоо тилкелери ачылып, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо башталды. Өлкө боюнча 2492, андан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо участкасы иштеп жатат. Ошондой эле чет жактарда 100 шайлоо тилкеси ачылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоого башта 467 талапкерди каттаган. Ар кандай жагдайда алардын ичинен жети адам шайлоодон четтетилип, 460 талапкер калды. Алардын 271и эркек, 189у аял талапкерлер. Боршайком андан тышкары 37 кишини талапкер кылып каттоодон баш тарткан.

Боршайком билдиргендей, бул жолу 4 294 243 шайлоочу добуш берет. Анын 48,47% эркектер, 51,52% аялдар. Шайлоого 788 эл аралык байкоочу көз салат.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу кажет же эки аял болсо бири эркек болушу шарт. (BTo)


Шерине

 

XS
SM
MD
LG