Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо таза өтөрүн жана ага эл аралык коомчулук да ынана турарын билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы 30-ноябрда шайлоодо добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
“Кыргызстандагы шайлоо системасынын аналогу жок. Мындай система мурдагы Советтер союзуна кирген өлкөлөрдө, айрым Европа мамлекеттеринде жок. Шайлоочу каалаган шайлоо тилкесине барып добуш берсе болот. Шайлоочуларды ташуу, кошумча бюллетень чыгаруу деген жок. Бардыгы электрондук түрдө болот жана кагаз түрүндө да журналга түшүрүлүп турат”, – деди ал.
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо башталды. Өлкө боюнча 2492, андан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо участкасы иштеп жатат. Ошондой эле чет жактарда 100 добушкана ачылды.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоого башта 467 талапкерди каттаган. Ар кандай жагдайда алардын ичинен жети адам шайлоодон четтетилип, 460 талапкер калды. Алардын 271и эркек, 189у аял талапкерлер. Боршайком андан тышкары 37 кишини талапкер кылып каттоодон баш тарткан.
Боршайком билдиргендей, бул жолу 4 294 243 шайлоочу добуш берет. Анын 48,47% эркектер, 51,52% аялдар. Шайлоого 788 эл аралык байкоочу көз салат.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.
“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу кажет же эки аял болсо бири эркек болушу шарт.
Шайлоо партиялык жана бир мандаттуу округдар боюнча да аралаш системада жүрүп жатат. Оппозициялык партиялар шайлоого катышкан жок. (BTo)
Шерине