Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Оппозициядагы Азербайжандын элдик фронту партиясынын төрагасы Али Керимли камалды


Али Керимли
Али Керимли

Бакунун райондук соту оппозициядагы Азербайжандын элдик фронту партиясынын төрагасы Али Керимлини жана партиянын президиумунун мүчөсү Мамед Ибрагимлини эки ай 15 күнгө камады. Бул тууралуу «Азаттыктын» азери кызматы жазды.

Саясатчыларга бийликти күч менен басып алуу, мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн өзгөртүүгө багытталган аракеттер үчүн айып тагылууда. Бул маалыматты адвокаттары бышыктады. Күнөөлүү деп табылса, алар өмүр аягына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Керимли жана Ибрагимли 29-ноябрда тинтүүдөн кийин кармалган. Ал күнү күч түзүмдөрү партиянын башка мүчөлөрүн да кармап, бирок кийин алар кое берилген.

Саясатчылар үстүнөн териштирүү президенттин администрациясынын мурдагы башчысы Рамиз Мехтиевге каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында жүрүп жатат. Мехтиев ал кызматты 1995-2019-жылдары аркалаган.

Бийлик аны бийликти басып алуу, мамлекеттик чыккынчылык жана арам акчаны адалдоо аракеттерине айпытап жатат. Мехтиев төрт айга үй камагына алынды.

Азербайжандын элдик фронту партиясы 30-ноябрда "үй-бүлөлүк өкмөттүн улуттук-демократиялык күчтөргө каршы куугунтук кампаниясын" айыптаган билдирүү жасады жана мамлекеттик төңкөрүш аракети тууралуу дооматты четке какты.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG