Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

БШК: Парламенттик шайлоодо талапкерлер үгүткө 1,5 млрд сом сарптады


Кыргызстандын валютасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын валютасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Жогорку Кеңештин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча мөөнөтүнөн мурда 30-ноябрда өткөн шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо өнөктүгүнүн каржылоосу тууралуу жалпы маалымат таратты.

Анда айтылгандай, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер өз-өзүнчө, ал эми 9 талапкерди көрсөткөн “Ынтымак” саясий партиясы чогуу шайлоо фонддорун түзүштү. Натыйжада БШК белгилеген “Элдик Банкта” жана “Айыл Банкта” 510 атайын эсеп ачылды.

29-ноябрга карата бул эсептерге 1 млрд 791 млн сом түшкөн. Бул сумманын ичинен 1 млрд 582 млн сом шайлоодогу үгүт иштерине сарпталып, 209,2 млн сом пайдаланылбай калды.

Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. 4 294 243 шайлоочунун 1 584 446 добуш берүүгө катышты. Бул жалпы көрсөткүчтүн 36,90% түзөт.

Парламенттеги 90 орун үчүн 460 талапкер ат салышты. Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси иштеди. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке, чет өлкөлөрдө - 34 мамлекеттин 89 шаарында жалпы 100 шайлоо тилкеси ачылган. (ErN)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG