Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

"Үй-бүлө менен байланыша албай калдык". Орусияда WhatsApp, мобилдик интернет бөгөттөлдү


мазмуну

  • Орусияда вотсап кат алышуу жана байланышуу кызматы иштебей, кыргызстандык мигранттар мекенинде жакындары менен байланышуу кыйын болуп калганын айтууда.
  • Орусияда иштеген мигранттардын дээрлик баары ушул платформаны пайдаланып келген.

Буга чейин орус бийлиги башка дагы бир катар платформаларды бөгөттөгөн. Бул жагдай борбор азиялык мигранттардын баарына маселе жаратууда. Тажикстан буга альернатива катары өзүнүн алгачкы улуттук ORIZ мессенжерин сунуштады.

Москвада иштеген Жакшылыктын Кыргызстандагы балдарына жөнөткөн аудио билдирүүсүнүн сапаты аябай начар келди. Уккан киши сөз эмне тууралуу болуп жатканын түшүнбөйт. Акыркы учурда Орусияда WhatsApp менен байланышуу мүмкүн болбой жатат. Мигранттар аны VPN аркылуу гана колдонуп келишсе, акыркы күндөрү ал дагы жакшы иштебей, көйгөй жаратып жатканын айтышууда.

Жакшылык Кыргызстанда калган үй-бүлөсү менен кенен-кесир сүйлөшө албай калганын айтып берди.

"Интернет толук кандуу иштебейт. WhatsApp аркылуу Кыргызстан менен байланышуу оор болуп жатат, чектөө коюп койгонбу, мурдагыдай иштебейт. Байланыш начар, атайын тиркеме, VPN менен кирсең болот, ошондо деле үйдөгүлөр менен байланышуу кыйын болуп калды. Азыр жыл аягы болуп отчет дагы беришеби, текшерүү кайра күчөгөн. Документиң жайында болсо деле сөзсүз полиция бөлүмүнө алып барып ошол жактан текшерип жатsiат".

Бул көйгөй бир эле Москвада эмес Орусиянын башка аймактарында дагы бар. Якутияда эмгектенген Дамир Кыргызстандагы туугандары WhatsApp аркылуу жиберген кабарды үч күндөн кийин гана окуганын билдирди:

"WhatsApp жакшы иштебей жатат. Келген билдирүүлөрдү мен окуй албай жатам, ачылбай жатат. Мен жибергендер айланып эле жетпейт. МАХ деген мессенжер ачылып, Кыргызстанда дагы, КМШ өлкөлөрүнө дагы уруксат бериптир го колдонууга. Ошондон сүйлөшө дагы, видео байланыш дагы болот. Андан сырткары Кыргызстан менен IMO деген аркылуу дагы сүйлөшүп жатабыз. WhatsApp болбой калды, бара-бара жоголот окшойт. Бирок Орусиянын ичинде деле бири-бирибиз менен байланыш жакшы болбой, МАХ аркылуу байланыша албай жатабыз", - деди биз менен сүйлөшкөн мекендешибиз.

Биз баарлашкан бир топ кыргызстандыктар видео эмес, аудио чалуулар кетпей, жиберген билдирүүлөрү айланып ачпай жатат деп даттанышууда.

Мигранттар эле эмес, Кыргызстандагы ишкерлер дагы Орусия менен дал ушул платформа, WhatsApp аркылуу байланышат. Бул өлкө менен соода-сатык алакасы бар ишкерлер акыркы апта кардарларынан кабар ала албай атат. Алардын бири тигүү цехин иштеткен Венера:

"Байланыш аябай эле начар. Кардарлар өздөрү дагы WhatsApp иштебей жатканын айтышты. Чалсак алышпайт. Биздин кардарлардын бардыгы эле Орусияда да. Телефон аркылуу сүйлөшкөнгө туура келип атат, андайда жакшылап сүйлөшүп, ишти талкуулай албайт экенсиң. Ошондо деле сапаты начар, улам үзүлүп, жакшы угулбай калып жатат. Москвадагылар эки күндөн бери такыр эле иштебей калганын айтып жатышат".

Сиренгүл деген ишкер учурда VPN менен деле месенжер иштебей жатканын маалымдады.

"Чын эле байланыш начар, мурда VPN менен жакшы эле болчу. Азыр аны менен деле мүмкүн болбой жатат. Москвадагы курбуларым бири-бири менен байланышуу деле кыйын болуп калганын айтышууда. Менде жума күндөн бери байланыш жок. Бири текст түрүндө гана "бизде иштебей жатат" деп жазды".

Өткөн аптанын соңунда Орусиянын Роскомнадзор мекемеси WhatsApp толук жабыла турганын айткан. Буга аталган мессенжер орус мыйзамдарын бузууну улантып жатат деген жүйө келтирилген.

"Мессенжер өлкө аймагында террористтик аракеттерди уюштурууга, жасоого, аларды аткаруучуларды азгырууга, алдамчылык жана ушул сыяктуу кылмыштарды жүзөгө ашырууда колдонулуп, биздин жарандарды тартып жатат", - деп билдирген Роскомнадзор.

Аталган мекеме WhatsApp мыйзам талаптарды аткарбаса, Орусияда толугу менен жабыларын эскерткен жана анын колдонуучуларын улуттук кызматтарга өтүүгө чакырган.

Мамлекеттик Думанын депутаты Антон Грелкин WhatsApp "дипломатиялык сүйлөшүүлөр ачыкка чыгып кеткени үчүн" бөгөттөлүп жатканын билдирген.

"Менин маалыматым боюнча WhatsApp'ка каршы чараларды тездетүүнүн кошумча (бирок маанилүү) триггери жакында эле ачыкка чыгып кеткен дипломатиялык сүйлөшүүлөр болду. Мессенжердин ээлери анын мыйзамсыз максаттарда колдонулушуна көз жумуп эле тим болбостон, өздөрү да активдүү катышууда деген корутундуга келдик", - деген ал.

Өткөн аптада Bloomberg Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков менен АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф менен орус президентинин атайын өкүлү Кирилл Дмитриевдин ыктымал сүйлөшүүлөрүн жарыялаган.

Буга улай эле Орусия мобилдик интернетти бөгөттөө уланып жатканын Свобода радиосу жазды. Маалыматка караганда, 56 аймакта шатдаун тууралуу кабарланды, 47 дубанда мобилдик интернетти өчүрүү менен катар "ак тизме" ыкмасы колдонулууда.

Орусиянын Сургут шаарында жашап, иштеген мекендешибиз Алтынбек буларды айтып берди:

"Оңой жашоо болбой жатат, Украина менен кандай болуп жатканын көрүп жатасыздар. Ошондуктан коопсуздук үчүн стратегиялык объектилер, ири шаарларда улам жылып, интернет бөгөттөлүп жатат. Мурда Сургутта жок эле, азыр бизде дагы ошондой болуп жатат. Азыр видеобайланыш жок Кыргызстан менен, аудиочалуулар дагы жетпейт. VPN аркылуу киргенде гана келет, ошондо деле сапаты начар. Видеолор жакшы көрүнбөйт, катып калат. Айрыкча кыргыздар буга көнүп калган үчүн жашоо татаалдашып, жакындары менен байланыштуу кыйын эле болуп атат", - деди ал.

2026-жылдын 1-мартынан тарта Роскомнадзор, Санариптик өнүктүрүү, байланыш жана массалык маалымат министрлиги жана Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) "коркунучтардан коргоо үчүн" интернетти башкаруу боюнча жаңы ыйгарым укуктарды алышат. Жаңы эрежелер 2032-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болот.



Бул көрүнүш Орусияда эмгектенген борборазиялык мигранттардын баарына маселе жаратууда. Мисалы, Тажикстан өзүнүн алгачкы улуттук ORIZ мессенжерин түздү. Бул чалуулар, сүйлөшүү жана видеоконференцияларга ылайыктуу тиркеме экенин өлкөнүн Байланыш кызматы билдирди. Аталган мекеме ал өзгөчө алыскы аймактар, айрыкча чет жактагы мигранттар үчүн маанилүү экенин белгилеген.

Орусияда быйыл августта WhatsApp жана Telegram мессенжерлери аркылуу чалуулар бөгөттөлгөн. Ошондон бери орусиялыктар, анын ичинде мигранттар аны кошумча VPN тиркемеси аркылуу колдонуп келишкен.

Роскомнадзор сөз болуп жаткан мессенжерлер аркылуу “чалуулардын жарым-жартылай бөгөттөлүшүн” кылмыштуулукка каршы чара катары түшүндүргөн. Бул өлкөдөгү көз карандысыз айрым маалымат каражаттар бул массенжер аркылуу чалууларга бөгөттөөнү Орусиянын жогорку жетекчилиги кабыл алганын өз булактарына таянып жазышкан. Мындай чечим телефон чалуулары азайгандан улам жылдан-жылга кирешеси төмөндөп жаткан орусиялык уюлдук операторлордун шыкагы менен кабыл алынышы мүмкүн экени болжолдонгон.

"Вёрстка" басылмасы WhatsApp'тын Орусиядагы бир айлык аудиториясы 97,5 миллион болсо, Telegram'дыкы 90 миллиондон ашык экенин жазган. Бул Орусиянын калкынын көпчүлүк бөлүгүн түзөт. Орус бийлиги бул мессенжерлерди бөгөттөп, MAX деп аталган мамлекеттик тиркемени жайылтууну көздөп жатканы кабарланган.

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG