Элчи Чыңгыз Айтматов иш үстүндө, Брюссель. (Ибрагим Бакировдун фотосүрөтү.)
Айтматовдун аалам кезген улуу көчү
Француз акын-жазуучусу Луи Арагон жазгандай, "Жамиля" - жыпар жыттанган жана гүлдөгөн Таластын кыска, бирок улуу повести". Дал ушул повести менен Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк сапарын баштаган.
12-декабрда залкар жазуучу, ойчул 85 жашка чыкмак. Чыгармалары көзүнүн тирүүсүндө 165тен ашык тилге которулуп, повест-романдарынын негизинде көркөм фильмдер тартылып, коюлган спектаклдер түркүн өлкөлөрдүн театр сахналарынан түшпөгөн, ал эми руханий-философиялык мурасы океандай түпсүз Чыңгыз Айтматовдун аалам кезген улуу көчү али да токтой элек. Жазуучунун чыгармачылык өзгөчөлүгү жана талантынын касиети жөнүндө кээ бир замандаш-калемдештеринин эскерүүлөрүн адабий-музыкалык берүүдөн угуңуздар.
Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнөн элестер. Бул фотосүрөттөр 12-декабрда Киев шаарындагы Украинанын улуттук адабият музейинде ачылган "Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү" деп аталган көргөзмөгө коюлган. Аларды "Азаттык" радиосуна Кыргызстандын Киевдеги элчилиги сунуштады.
Сүрөт баян
Айтматов: Кайталангыс элестер
Айтматов - 85: Кайталангыс элестер
Заманыбыздын даркан жазуучусу жана ойчулу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнөн элестер. Бул фотосүрөттөр 12-декабрда Киев шаарындагы Украинанын улуттук адабият музейинде ачылган көргөзмөгө коюлган. Аларды "Азаттык" радиосуна Кыргызстандын Киевдеги элчилиги сунуш кылды. 12.12.2013