Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:18
Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын оюну. 21-январь, 2019-жыл
Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын оюну. 21-январь, 2019-жыл

Азия кубогу: БАЭ Кыргызстанды 3:2 эсеби менен утту

21-январда Футбол боюнча Азия кубогунун 1/8 финалында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын командалары беттешти. Оюн Абу-Даби шаарындагы "Шейх Зайид" стадионунда өттү.

Азия кубогу: БАЭ Кыргызстанды 3:2 эсеби менен утту

Кыргызстан менен БАЭ оюнунун кошумча таймынын 103 – мүнөтүндө талаанын кожоюндары “ак шумкарларга” пенальтиде гол киргизди. Ошентип, 3:2 эсебинде Бириккен Араб Эмиратынын командасы утту. 

Калыс кыргыз командасынын оюнчусу каршылашын атайын жөөлөп кулатты деген жүйө менен пенальти тебүүнү дайындаган. 

Азия кубогу: Кыргызстан 91-мүнөттө эсепти теңеди 

Кыргызстан менен БАЭ оюнунун экинчи таймынын 91 – мүнөтүндө талаанын кожоюндарына “ак шумкарлар” дагы бир гол киргизди. Ошентип,  2:2 эсебинде командалар тең келе жатышат.  

Командаларга учурда кошумча убакыт берилди.

1/8 финалдык оюндар 20-январда башталган. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. 5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.

Азия кубогу: Бириккен Араб Эмираты Кыргызстанга дагы бир гол киргизди

Кыргызстан менен БАЭ оюнунун экинчи таймынын 85 – мүнөттөрүндө талаанын кожоюндары “ак шумкарларга” дагы бир гол киргизди. Ошентип,  1:2 эсебинде Бириккен Араб Эмираттарынын командасы утуп жатат.

Учурда беттешүү курч мүнөздө жүрүүдө. Кыргызстан командасы бир нече чабуул жасап, бирок алар ийгиликсиз болууда. 

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG