Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Энергетикалык каатчылык жана камакка алуулар коштогон шайлоо


Парламенттик шайлоо, 30-ноябрь, 2025-жыл
Парламенттик шайлоо, 30-ноябрь, 2025-жыл

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Бул саясий жараянды бийлик мыйзамдын чегинде гана уюштурууну убада кылууда. Бирок шайлоо парламенттин ролу төмөндөп, өлкө энергетикалык оорчулукту башынан кечирип жаткан шартта өтүүдө.

Шайлоо алдында бир катар саясатчылар менен активисттер кармалды.

Шайлоо жана жаңы парламенттин ролу

VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин өзүн өзү таркатуусуна “парламенттик шайлоону 2026-жылдын ноябрында, андан кийин президенттик шайлоону 2027-жылдын январында өткөрчү болсо саясий туруксуздук жаралып, бийлик бутактарынын толук иштешине залакасын тийгизүү коркунучу эске алынганы” айтылган.

Бул жолку шайлоодо өлкө бийлиги добуштарды сатууга жол бербөө, административдик жана башка ресурстардын колдонушун толугу менен четке кагып, мыйзам чегинде өткөрүү аракетин көрүүдө.

Президент Садыр Жапаров бир нече жолу шайлоо темасына кайрылып, саясий өнөктүктүн мыйзамдуу өтүшүн өзү көзөмөлдөрүн билдирген.

“Мындан ары шайлоолордо добуш саноодо жана жыйынтык чыгарууда бийликтин эч кандай таасири болбойт. Добуштарды компьютер санайт, жыйынтыгын дароо компьютер чыгарып берет. Андан кийин кол менен дагы санап алсаңыздар болот. Жыйынтыгында эч айырма болбойт, ошол эле компьютер чыгарган жыйынтык жана кол менен санаган бюллетендер бирдей чыгат. 30 жылда миң түркүн депутаттарды көрдүңүздөр. Жакшысын да, жаманын да, популистин да, демагогун да, кыйкырчаагын да, бакырчаагын да, кооз сүйлөгөнүн да, байын да, кедейин да, добуш сатып алганын да, сатканын да көрдүңөр дегендей. Ошентип, депутат шайлоодо “мастер” эле болуп калдыңыздар деп ишенем. Ошондуктан келе жаткан шайлоодо татыктуусун гана шайлаңыздар демекчимин. Татыктууларды шайлап алуу эми мындан ары өз колуңуздарда”, - деген президент Жапаров.

Элге кандай депутат керек?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:40 0:00

Өлкө жетекчилери эч бир талапкерге жан тартпай турганын, эч кимге артыкчылык берилбесин айтып, үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, саясий кызматта отургандарды аралаштырган жок. Демек, бийлик эч кандай кийгилишүү болбогонун көрсөтүүгө аракет кылууда.

Бул жолу айрым округдардан ким утуп чыгарын алдын ала божомолдоо кыйын. Добуш берүү системасы өзгөрүп, мурдагыдай партиялык тизме эмес, мажоритардык система менен өтүп жатат. “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу кажет же эки аял болсо, бири эркек болушу шарт. Андан сырткары шайлоодо биринчи жолу аралыктан добуш берүү колдонулат. Ал үчүн онлайн идентификация, тактап айтканда тек-жайын аныктоо жүргүзүлөт. БШКнын түшүндүрмөсүнө ылайык, мындай ыкма айрыкча өзү катталган аймактан башка жакта жүргөндөргө, чет өлкөлөрдө жашап жаткандарга шайлоого катышуусуна мүмкүнчүлүк түздү.

Бирок шайлоо мыйзамында талапкерлер Кыргызстанда беш жыл туруктуу жашаш деген норма сыртта окуп, иштеп жаткан жарандардын катышуусуна жолтоо болду.

Бийлик шайлоо системасын өзгөртүү менен “саясий коррупцияны” жана мурдагы шайлоолордогу алешемдиктерди жойгонун билдирген. Ошол эле маалда талапкердин шайлоо фонду 20 млн сомго, саясий партиялардыкы 300 млн сомго чейин көтөрүлгөнү, талапкердин үгүтчүлөрү 500дөн миң адамга чейин көбөйтүлгөнүнө сындар айтылууда. Мындай жагдай колунда бар талапкерлерге артыкчылык берип койбойбу деген суроолорго жем таштады.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 30-ноябрда шайлоодо добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, шайлоо системасына токтолду:

“Кыргызстандагы шайлоо системасынын аналогу жок. Мындай система мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдө, айрым Европа мамлекеттеринде жок. Шайлоочу каалаган шайлоо тилкесине барып добуш берсе болот. Шайлоочуларды ташуу, кошумча бюллетень чыгаруу деген жок. Бардыгы электрондук түрдө болот жана кагаз түрүндө да журналга түшүрүлүп турат”, – деди Ташиев.

Ошол эле маалда жаңы шайланып келген парламент кандай болот? Көз каранды болуп, бийликтин жетегинде калбайбы? деген суроо шайлоо жарыяланган күндөн тарта эле талкууланып келүүдө.

Жарандык активист Айбек Теңизбай буга чейинки “Азаттыкка” курган маегинде, бийликке каршы канадайдыр бир альтернатива сунуштаган парламент болот деп айтуудан алыс экенин айтып, жүйөсүн мындайча түшүндүргөн:

“Депутаттыкка талапкерлигин койгондорду талдай турган болсок, анда өтө деле чоң жаңылык байкаган жокмун. Шайлоо эрежелерин, мыйзамдарын анализдей турган болсок, алдын ала тандоого ылайыкташтыргандай экени байкалууда. Талапкерлер ошондой көзөмөлдөн өтүп, депутат болуп, андан кийин деле ошого жараша ишмердигин жүргүзсө керек. Буга чейин депутат болгондор деле айтып жатат, депутат болуп ким барбасын, ким катуу сүйлөсө деле, чийинден чыкса деле баары бир бийлик тарбиялап алат дегендей мааниде айтып жатышат. Бийликке каршы бир альтернатива сунуштаган парламент болот деп айтуудан алысмын”.

Бир катар саясат талдоочулар бул жолку шайлоо кампаниясын пассивдүү деп атаганга жетишти. Мындай пикирге үгүт өнөктүгүндөгү чектөөлөр, оппозициячыл маанайдагы айрым саясатчылардын катышпай калышы, шайлоо дебаттарына талапкерлердин катышпаганы себеп болду.

2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин референдум аркылуу Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүп, президенттик башкаруу системасы киргизилген. Ага чейин парламенттик-президенттик башкаруу болчу.

Быйыл жайында Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын сессиясы жыйынтыкталган жыйында паралмент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламент өлкөдө таасири бар жана күчтүү бийлик бутагы деп эсептей турганын билдиргени бар.

Ал мыйзам чыгаруу бийлигине коомдо орундуу да, орунсуз да сын-пикирлер айтылып келатканын, бирок парламент өз ыйгарым укуктарынын чегинде жакшы иштеп, мамлекеттин өнүгүшүнө негиз болгон тарыхый чечимдерди кабыл алып жатканын кошумчалаган.

“Парламент алсырап калды. Акыбалы мурдагыдай эмес” дегендерге кошулбайм. Кандай гана мамлекеттик маселе болбосун ушул жерде чечилет жана кабыл алынат. Бул жерде кабыл алынбаган чечимдер болсо ал ишке ашпайт, иштебейт. Бардыгы парламент кабыл алган эрежелер менен ишке ашат”, - деген ал 26-июндагы парламент жыйынында.

“Өтө борборлошкон күчтүү президенттик бийлик болуп, ага баланс болчу башка институт жок калды. Андай баланс болбогондон кийин кээде аша чапкандыктар да болот”, - деген буга чейинки курган маектеринде саясат таануучу Эмилбек Жороев.

Жогорку Кеңеш 7-чакырылышына талаштуу “саясий” мыйзамдарды үн катпай туруп кабыл алды” деген бир топ сын пикирлер айтылган.

Шайлоо алындагы камакка алуулар

Кыргызстандын укук коргоо органдары 22-ноябрь күнү бир катар саясатчылар менен активисттерди кармаган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жапырт кармаган 10 адамдын ичинен “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге жана саясатчы, экс-депутат Кубанычбек Кадыровго Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси – “Бийликти күч менен басып алуу” менен айып тагылганы белгилүү болду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди.

Шайлоо алдында 10дой киши эки айга камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:38 0:00

Бул берене менен күнөөлүү деп табылган адам мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

ИИМ башта саясатчылар жана активисттер кармалганы тууралуу маалымат таратканда Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси - “Массалык башаламандыктар” менен иш ачылганы кабарланган.

22-ноябрдын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Тасмадан Темирлан Султанбековду, “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматовду жана славян улутундагы дагы бир кишини көрүүгө болот. Үчүнчү адамды ИИМ “белгисиз жаран” катары белгилеп, ал боюнча маалымат берген эмес.

Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган. Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан.

Энергетикалык каатчылыктын фонундагы шайлоо

Токтогул суу сактагычы. Иллюстрациялык сүрөт.
Токтогул суу сактагычы. Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттик шайлоо өлкөдө энергетикалык оорчулук болуп турган кырдаалда өтүп жатат. Ноябрдын башында президент Жапаров энергетика кризиси убактылуу экенин айтып, 2027-жылдан тарта тармак пайда алып келе баштарын убада кылды.

"2027-жылдан баштап энергетика системабыз тарыхыбызда биринчи жолу пайдага чыга баштайт. Бул мамлекеттүүлүк үчүн, көз карандысыздыгыбыз үчүн чоң жетишкендик. Эгер мен деле “башымды оорутпайын, менин президенттик мөөнөтүм эптеп өтүп кетсе болду” деп ГЭСтерди салбай, реформаларды жасабай, энергияны 5 сомдон импорттоп келип, 1 сомдон элге берип коюп олтура берсем боло берет эле. Муну 5-класстын баласы деле жасай алат. Мен бул жолду тандабадым. Эгер мен да ушул жорукту улантсам, анда энергетика системабызда накта катастрофа болмок",-деп жазды Жапаров 9-ноябрда Фейсбук баракчасына.

Бул кайрылуудан көп өтпөй эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзү бийлик жүргүзгөн учурдагы энергетика тармагындагы жетишкендиктерин белгилеп, учурдагы саясатка нааразылыгын билдирип чыкканы саясат айдыңындагы кайым айтышууларга себеп болду.

Быйыл Токтогул суу сактагычында суу аз топтолуп, электр жарыгын колдонууга чектөөлөр коюлду. Ноябрдын башынан тартып Кыргызстанда электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 13-ноябрда элге кайрылуусунда “Тынчтык жөнүндө” мыйзам аткарылбай жатканын айтып, саат 22:00дөн таңкы 7:00гө чейин кафе-ресторандар менен оюн-зоок жайлары ишин токтотушу керектигин билдирип, жергиликтүү бийлик иштебей жатканын айткан. Атайын кызматтын жетекчиси президенттин облустардагы өкүлдөрүнө, мэрлерге, район акимдерине кайрылып, талапты аткарбагандардын жарыгын өчүрүп коюуга чакырган.

13-ноябрдын кечинде Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери кафе-ресторандар менен оюн-зоок жайларын текшерип, түнкү саат 22:00дөн кийин электр энергиясын өчүрүү талабын коюшту. Ушундай эле рейддер бир катар облустарда да жүрдү.

Ушундан кийин президент Жапаров Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери электр энергиясын үнөмдөө жана “Тынчтык мыйзамын” камсыздоо боюнча тапшырманы ашкере аткарып, “бөрк ал десе баш алып” жатканын билдирди. Бул тууралуу президент 14-ноябрда Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.

“Элдин тынчтыгын бузуп, спирт ичимдиктерин ичип алып ызы-чуу салгандар чогулган түнкү клубдарды, ошондой эле түн бир оокумга чейин созулуп, 200дөн 800гө чейин киши чогулган тойканаларды иреттеп, мыйзамдын чегинде көзөмөлдөөнү тапшырганбыз. Ал эми силер болсо тамактануучу кафелерди, KFC сыяктуу тез татым жайларын да жаап, тынч отурган элди кубалап чыгарууга чейин барыпсыңар. Рейд маалында бизнес ээлерине орой мамиле жасап, жарыгын өчүрүп, суусун токтотууга тапшырма берипсиңер! Мындай кылбагыла, токтоткула андай аша чапканды!”, - деди мамлекет башчы.

Жапаров биринчи кезекте электр жарыгын үнөмдүү пайдаланбай, “мамлекет төлөйт да” деген кайдыгер жетекчилерди, түнү бою жарыгын күйгүзүп таштап кеткен мамлекеттик ишканалардын имараттарын көзөмөлгө алууга чакырган.

Бул жолку парламенттик шайлоо алындагы жагдайлар ушундай болду. Энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкөдө энергетикалык таңкыстык болбой турганын, Кыргызстан кышкысын электр энергиясын кошуна өлкөлөрдөн 3 сомдон сатып алып, элге 1 сом 37 тыйындан берип жатканын айтып келет. Министр ортодогу айырманы Кыргызстан улуттук электр тармагы ишканасы төлөй турганын айтып, элди жарыкты үнөмдөөгө чакырган эле.

Ушул аптанын башында Казакстан жана Өзбекстан күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга электр энергиясын берүүгө даяр экенин билдиришкени кабарланды.

Энергетика министрлигинин маалыматында, бул Кыргызстанга кышында электр энергиясын аз өндүрүп, Токтогул суу сактагычында сууну топтоого мүмкүндүк берет. Топтолгон суу вегетациялык мезгилде Казакстан менен Өзбекстанга жеткирилет.

Тараптар мындай макулдашууга 22-ноябрда Алматы шаарында үч өлкөнүн суу-энергетикалык мекемелеринин жетекчилеринин жыйынында жетишкени маалым болду.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG