Маселен, Жалал-Абад шаарынын четиндеги ай талаада тоодой үйүлүп жаткан таштандыдан нан таап жегендер да, таштанды бөлүп чыгарган уу заттардан жабыркап, ден соолугуна зак кетирип жаткандар да четтен чыгат. Теманы кабарчыбыз Руслан Калматов улантат.
Нарын шаарында малдын тарпын таштандыга ыргытуу жергиликтүүлөр үчүн көнүмүш адат. Ал эми ошол таштандыларды ташыган жумушчулардын саламаттыгына атайылап кам көрүү чаралары байкала элек. Нарындан кабарчыбыз Мирлан Кадыровдун баянын угалы.
Саламаттык демекчи, эки миңден ашык мекемеси бар медицина тармагынан чыккан таштандылар кайда кетет, деген суроо да коомчулукта көп берилери белгилүү. Кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов бул суроого жооп издеди:
Акыркы жылдары баш калаа Бишкекти акыр-чикирден арылтуу коомчулуктун чоң талкуусуна түшүп отуруп, акыры былтыр “Тазалык” ишканасын нак акчага иштөө системасына киргизди. Ишкана кызматкерлерин нак акча менен иштөөгө өткөрүү тазалыкка да, эмгек акыга да пайдалуу боло баштаганын байкоочулар маал-маалы менен айтып жүрүшөт. Иш жүзүндө кандай? Кабарчыбыз Сабыр Абдымомунов сураштырды.
Көпчүлүк кыргызстандыктар өлкө ичиндеги тазалыктын абалына канааттанышпайт. Аймактык кабарчыбыз Ыдырыс Исаков өлкөдөгү таштанды көйгөйүн чечүү жолдорун карапайым элдин өзүнөн сурап көрдү. Жооптор ар түрдүү.
-
Руслан Калматов
"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
-
Мирлан Кадыров
"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. -
Зайырбек Ажыматов
"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан.
-
Сабыр Абдумомунов
"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
-
Ыдырыс Исаков
«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.