Эски аянттагы Орозо айт намазы. Бишкек, 8-август, 2013.
Кыргызстанда Орозо айт белгиленүүдө (видео, фото)
Мусулмандардын ыйык Рамазан айы бүтүшүнө байланыштуу Кыргызстанда да бүгүн Орозо айт майрамдалууда.
Эртең менен өлкөнүн бардык аймактарында Орозо айт намазы окулду. Бишкектеги айт намазы адаттагыдай эле борбордук эски аянтта өтүп, он миңдеген адамдар катышты. Намазга Кыргызстандын муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев имамдык кылды.
Айт намазга Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов баштаган бийлик өкүлдөрү да катышып, мусулмандарды биримдикке үндөштү. Ал эми президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчы айт намазды Ысык-Ата районундагы Арашан айылында окуду. Буга чейин Атамбаев Орозо айт менен мусулмандарды куттуктап, бул майрамда мамлекетке ынтымак, тынчтык, береке, элибизге сабырдуулук, биримдик каалаган.
Бишкектеги айт намазы адаттагыдай эле борбордук эски аянтта өтүп, он миңдеген адамдар катышты. (Мирлан Токталиевдин сүрөт баяны)
Оштогу Орозо айт
("Азаттыктын" блогери Дастан Үмөтбай уулунун сүрөт баяны)
Сүрөт баян
Оштогу Орозо айт
Орозо айт намазы Ош шаарынын борбордук аянтында да окулуп, ага премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев катышты. ("Азаттыктын" блогери Дастан Үмөтбай уулунун сүрөт баяны)