Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Матраимовдор менен үч медианын соту

19-декабрда Матраимовдордун үй-бүлөсү үч басылмага жана журналистке каршы жазган арызынын негизинде алгачкы сот отуруму өттү.

16:22 19.12.2019

 

16:22 19.12.2019

 

16:41 19.12.2019

Сотко бир тууган Матраимовдор келген жок. Алардын ордуна жактоочулары катышты. 

Искендер Матраимовдун кызыкчылыгын адвокат Лейла Байдаева;

Искендер Матраимовдун жубайынын кызыкчылыгын Миновар Жумаеванын кызыкчылыгын адвокат ​Мадина Ниязова;

Райымбек Матраимов менен анын жубайы Уулкан Тургунованын кызыкчылыгын Татьяна Карыжинская менен Оксана Жданова коргоп жатат. 

Ал эми "Азаттык" радиосунун кызыкчылыгын адвокат Акмат Алагушев, "Медиаполиси" институтунун юристи Алтынай Исаева;

"Клооптун" кызыкчылыгын адвокат Фатима Якупбаева; 

"24 kg" сайтынын кызыкчылыгын "Адилет" укуктук клиникасынын юристтери Тимур Султанов жана Эмил Жандаев коргоп жатат. 

16:46 19.12.2019

Матраимовдор сотко кайрылып, үч медиадан жалпы жонунан 60 миллион сом доо өндүрүүнү талап кылгандан кийин 18-декабрда Бишкекте жарандык коом «REакция 2.0» аттуу акцияга чыгышкан. Алар бийликти коррупцияны токтотууга жана сөз эркиндигин муунткан көрүнүштөргө жол бербөөгө чакырышкан.

 

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG