Он миңдеген эл 4-декабрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай тургандыгын билдирип, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылды.
Орусиянын ордо калаасы Москванын Болотная аянтында оппозициянын митинги аяктады. Ага полиция 20 миң адам катышты десе, акциянын уюштуруучулары кеминде 100 миң адам келди деп жатышат.
Болотная аянтындагы митингдин катышуучулары резолюция кабыл алышты. Демонстрацияга чыккандар БШКнын жетекчиси Владимир Чуровду кызматтан кетирүүнү, анын ишмердүүлүгүн иликтөөнү, 4-декабрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайра шайлоо өткөрүүнү, саясий партияларды каттоо тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талап кылышты.
Оппозиция бийликке 2 апта берди. Кийинки демонстрация 24-декабрга белгиленди.
Москвадагы кабарчыбыз Аида Касымалиева Болотная аянтынан эл таркагандан кийин кечки саат 8де буларды билдирди.
Бүгүнкү демонстрациянын таржымалын бул жактан көрүңүз.

Тасмада: Москвадагы митинг
-
Төрөкул Дооров
"Азаттыктын" казак кызматынын директору. 2007-жылга чейин "Азаттыктын" Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору болуп иштеген. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
-
Аида Касымалиева
Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.