Бишкекте ШКУнун 13-саммити башталды. Ага тогуз өлкөнүн президенттери, Индиянын тышкы иштер министри, Пакистандын премьер-министринин кеңешчиси катышты.
Жогорку деңгээлдеги жыйынга катышуу үчүн уюмга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары Бишкекке толук келишти. Ошондой эле саммитке ШКУга байкоочу өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү да катышат. Саммиттин алкагында бир катар мамлекет башчылар өз ара жолугушууларды өткөрүшөт.
Ирандын жаңы президенти Хасан Роухани Кытай, Кыргызстан жана Орусиянын президенттери менен жолугары кабарланууда.
Ошондой эле Ооганстандын президенти Хамид Карзай Кытай, Кыргызстан жана Орусиянын мамлекет башчылары менен аймактагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Сүрөт баян
Бишкекте ШКУ саммити башталды
Бишкекте өтчү саммитке Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттерден сырткары БУУ, КМШ, ЖККУ жана ЕвразЭС өкүлдөрү катышат. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары Бишкекке кечээ келишти. Саммитке уюмга байкоочу мамлекеттерден Ооганстандын, Монголиянын жана Ирандын президенттери, Индия менен Пакистандын тышкы иштер министрлери катышат.
10:0313.9.2013
ШКУ саммити президенттердин өзүнчө жолугушуусунан башталат
Шанхай кызматташтык уюмунун саммити кеңейтилген форматта өтөт. Ага чейин уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттери өзүнчө отуруп саммитте карала турган маселелерди бир сыйра талкуулайт. Кабарчыбыздын айтымында, мамлекет башчылардын жолугушуусу саат 11де башталат. Андан кийин жыйын кеңири курамда уланып, ага байкоочу өлкөлөрдүн жана БУУ, КМШ, ЖККУ, ЕврАзЭШ уюмдарынын өкүлдөрү катышат.