11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайлоо өттү. Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. Добуш берүүнүн жүрүшүндө ар кыл мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар катталды.