Кыргыз-өзбек чек арасы: Кара-Багышта жашоо жанданды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

1-сентябрда Кыргызстандын Араван району менен Өзбекстандын Мархамат районун бириктирген чек арадагы өткөрмө бекет ишке кирди. Кошуна жашаган тургундар бири-бирине ээн-эркин каттап, жашоо жанданды. Бул чек ара бекети 10 жылдай жабык турду.

Бирок  эки  өлкөдөн ары-бери өткөндөргө ашыкча  жүк алып  өтүүгө мүмкүн эмес.  Он жылдан ашык  жабык турган өткөрмө бекетине жакын жашагандардын  жашоо  шарты туралуу  Оштон кабарчыбыз Даткабек Шабданбек уулу айтып берет.