АКШда сенаторлор өлкө тарыхындагы эң узун шатдаунду токтотууну макулдашканын Би-би-си жазды.
Кошмо Штаттардын Сенатында 9-ноябрда федералдык өкмөттүн ишин калыбына келтирүүгө багытталган мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен колдоо тапкан. Шатдаун токтошу үчүн мыйзам долбоорун 60 сенатор колдошу керек эле. Бирок республикачыларда 52 добуш болду. CNN жана Politico жазгандай, Сенаттагы сегиз "центристтик" демократтардан турган топ Республикачылар партиясынын лидери жана Ак үй менен келишим түзгөн. Fox жазгандай, алар: Ангус Кинг (Мэн штатынан), Пенсильваниядан Жон Феттерман, Невададан Кэтрин Кортес Масто, Гавайиден Жинн Шехин, Мичигандан Жеки Розен, Виржиниядан Тим Кейн, Сенаттагы демократтардын таасирдүү өкүлү, Иллинойс штатынын сенатору Дик Дурбин.
Документти ошентип 60 сенатор колдоп, 40ы каршы чыкты.
Бул ирет каржыдан улам шатдаун 40 күнгө созулуп, өкмөттүн иши жарым-жартылай токтоп калды. Мурдагы эң узун шатдаун 2019-жылы Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө болуп, 35 күнгө созулган.
Сенаторлордун макулдашуусу шатдаунду токтотуудагы биринчи кадам. Мыйзам долбоору Сенаттан кийин республикачылар басымдуу болгон Өкүлдөр палатасынан колдоо таап, Трамп кол коюшу керек. Бул бир нече күнгө созулушу мүмкүн.
Кошмо Штаттарда каржы жылы 30-сентябрда жыйынтыкталып, 1-октябрдан тартып жаңысы башталат. 30-сентябрда Сенатта федералдык чыгымдарды каржылоо тууралуу эки мыйзам долбоору тең колдоо тапкан эмес.
Демократтар партиясы каржылоону улантуу үчүн сунуштаган мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен четке кагылды, анткени бул палатада алар азчылыкты түзөт. Ал эми Республикачылар партиясы сунуш кылган мыйзам долбоору алар көпчүлүктү түзгөнү менен жетиштүү добуш ала алган эмес.
Каржылоонун токтошуна байланыштуу АКШда 1,5 миллиондой федералдык кызматкер жумуштан бошотулду же айлыксыз иштөөгө аргасыз болду. Шатдаун декабрь айына чейин уланса, аскер кызматкерлерине маяна берүү токтой турганы айтылып жаткан.