Ош шаарынын борборун Жапалак айылына көчүрүү пландалып жатат

Ош шаарынын мэриясы. Оштун борбордук бөлүгү.

Ош шаарынын борборун Жапалак айылына көчүрүү пландалып жатат. Бул тууралуу Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев Көкүм-Бий көчөсү оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылган иш-чарада айтты.

“Шаардын борборун Көкүм-Бийге, ушул жакка көчүрөлү деп чечип жатабыз. Анткени чоң шаарларда автоунаа базарлары, чоң-чоң соода түйүндөр менен базарлар шаардын сыртында болот. Ошондуктан шаардын борборун Жапалак айылына жылдырып, ушул жерге көбүрөөк көңүл буралы деп чечтик”, - деди ал.

Жапалак Ош шаарынын аймагына кирет. Ушул тапта шаардын борбору Алымбек датка көчөсүндөгү Ош шаарынын мэриясы жана Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү жайгашкан имараттын маңдайы болуп саналат.

Массалык иш-чаралар, ар кандай мамлекеттик жыйындар ушул аянтта өтөт. Ленин деп аталып келген көчөнүн аты 2025-жылдын июль айында Алымбек датка көчөсү деп өзгөртүлүп, Лениндин аянттагы эстелиги алынган. (BTo)

Дагы караңыз

АКШда сенаторлор тарыхтагы эң узун шатдаунду токтотууну макулдашты Жыл башынан бери Ысык-Көлдөн балык уулаган 106 миң метр тор чыгарылдыАКШ НАТОдогу өнөктөштөрү менен Украинага курал-жарак жеткирүүнү убактылуу токтоткону кабарланды Жогорку Кеңешке шайлоонун үгүт өнөктүгү башталдыСадыр Жапаров өлкөдө төңкөрүшкө жол берилбей турганын айтты