Кудрет Тайчабаров 30-декабрга чейин камакка алынды

Кудрет Тайчабаров. Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт.

“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын мурдагы директору, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого талапкер кылып каттабай койгон Кудрет Тайчабаров 30-декабрга чейин камакка алынды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 8-ноябрда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (Уюшкан топко катышуу) 2-бөлүмү менен айып тагылды. Адам бул берене менен күнөөлүү деп табылса мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылат.

Кудрет Тайчабаров №19 шайлоо округунан талапкер болуу ниетин билдирип, Боршайкомго арыз жазган. БШК 6-ноябрдагы отурумунда “Кудрет Тайчабаров уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деген негиз менен талапкер кылып каттоодон баш тарткан.

Мунун алдында социалдык тармактарда анын 2023-жылы УКМКнын атайын операциясында жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен чогуу түшкөн сүрөтү тараган. Кудрет Тайчабаров БШКнын отурумунда сүрөттө чындап эле өзү экенин жана сүрөт 2021-жылы тартылганын айткан. Ал “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы маселени чечүү үчүн Камчы Көлбаевден жардам сурап барганын жана бул “ишкерлердин кызыкчылыгы” үчүн болгонун билдирген.

Көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) уюшкан кылмыштуу топтордун жана мүчөлөрү менен байланышта болгон деген негизде Кудрет Тайчабаровду кармаган.

Бир катар гезиттерде журналист болуп иштеген Кудрет Тайчабаров 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын директору, кийин Туризмди өнүктүрүү фондун жетектеген. Ал соңку маалда социалдык тармактарда бийликтин дарегине сын-пикирлерин да жазып калчу. (BTo)

Дагы караңыз

Би-би-синин башкы директору Трамптын сөзүнө байланышкан сындан кийин кызматтан кетерин жарыялады АКШда сенаторлор тарыхтагы эң узун шатдаунду токтотууну макулдашты Ош шаарынын борборун Жапалак айылына көчүрүү пландалып жататЖыл башынан бери Ысык-Көлдөн балык уулаган 106 миң метр тор чыгарылдыАКШ НАТОдогу өнөктөштөрү менен Украинага курал-жарак жеткирүүнү убактылуу токтоткону кабарланды Жогорку Кеңешке шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды