Эттин баасына киргизилген мамлекеттик көзөмөлдүн мөөнөтү узартылды

Бишкек шаарындагы "Ош базарынын" эт бөлүмү.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда эттин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылганын билдирди.

Мекеме мындай чечим эттин баасынын кымбатташын, алып-сатарлык иштердин алдын алуу, калк үчүн социалдык маанилүү продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кабыл алынганын кабарлады.

Өлкөдө эттин баасы кымбаттап кеткендиктен 11-августтан тарта анын баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилип, 620-690 сомго чейин деп белгиленген. Бирок социалдык тармактарда базарларда, соода түйүндөрүндө азыр деле эт мындан кымбат сатылып жатканын жазышууда.

Кыргыз өкмөтү бодо малды жана майда жандыктарды Кыргызстандан сыртка ташып чыгууга да убактылуу тыюу салган. (BTo)

Дагы караңыз

Беларус бийлиги Тихановскийдин сайтын, соцтармактагы баракчаларын "экстремисттик" деп тапты Орус өкмөтү Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн мигранттарды өз өлкөсүнө өткөрбөөнү сунуштадыБаткенде аткезчилик иши боюнча Кыргызстандын, Кытайдын жарандары кармалдыБишкекте жер тамдын баасы 30%, батирлердики 20% кымбаттадыАтамбаев президент Жапаровдун энергетика боюнча билдирүүсүнө жооп берди Германия 2026-жылы Украинага 13,4 млрд доллар бөлөрү кабарланды