Президент Жапаров Алексей Оверчукту кабыл алды

Алексей Оверчук жана Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Орусиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында Садыр Жапаров Кыргызстан менен Орусия Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ), Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ), Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында активдүү кызматташып жатканын айтты.

Алексей Оверчук Кыргызстан Орусия үчүн Борбор Азиядагы стратегиялык өнөктөш жана союздаш экенин белгилеп, эки тараптуу кызматташтык өз ара сыйлашууга, жалпы тарыхка, ишенимге негизделген жана көп пландуу мүнөзгө ээ экенин билдирген.

11-ноябрда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 26-жыйыны өттү.

Ага Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Орусиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук катышты. (BTo)

Дагы караңыз

Энергетика министри Ибраев мурдагы президент Атамбаевге жооп берди Букер сыйлыгын венгриялык жазуучу Дэвид Солой алды Беларус бийлиги Тихановскийдин сайтын, соцтармактагы баракчаларын "экстремисттик" деп тапты Камчыбек Ташиев чек аралардан оор курал-жарактар алынарын айттыИсламабаддагы жардыруу ондон көп адамдын өмүрүн алды