Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин гидроагрегаттарын оңдоо аяктады

Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи. Архив.

Энергетика министрлиги Токтогул гидроэлектрстанциясынын (ГЭС) №3 агрегатын, Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегатын реконструкциялоо иштери аяктап, тестирлөө жумуштары башталганын билдирди.

Токтогул ГЭСинде төрт агрегат бар. №4 агрегат 2022-жылы, №2 агрегат 2023-жылы жана №1 агрегат 2024-жылы оңдоодон өткөн. Эми №3 агрегат иштеп баштаса ГЭСтин кубаттуулугу 1440 мВт көбөйөт. Буга чейин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 мВт болчу.

Үч-Коргон ГЭСинде реконструкция иштери 2024-жылы башталып, биринчи гидроагрегат толугу менен алмашылып, 9 МВт кубаттуулук кошулган. Экинчи гидроагрегат жаңыланып, дагы 9 мВт кубаттуулук кошулду. ГЭСтин калган эки гидроагрегатын 2026-жылы реконструкциядан өткөрүү пландалууда. Жалпы төрт гидроагрегат алмашылгандан кийин ГЭСтин кубаттуулугуна 36 мВт кошулат.

Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоору Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) бөлгөн 110 млн доллар жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду (ЕФСД) бөлгөн 100 млн доллар каражаттын эсебинен ишке ашырылды. (BTo)

Дагы караңыз

Исламабаддагы жардыруу ондон көп адамдын өмүрүн алдыБШКнын төрагасы мыйзам бузган талапкерлерге катуу чаралар көрүлөрүн айттыБишкектин Көк-Жар конушундагы алты гектар жер мамлекетке кайтарылды"Бишкек" ЭЭАда мыйзамсыз иштеп жүргөн чет өлкөлүк 12 жаран аныкталдыАкылбек Кылычев Кыргызстандын Ирандагы элчиси болуп дайындалды Орусия менен Украина бири-бирине дрон менен чабуул коюштуПрокурор Стамбулдун мэри Имамоглуна 2000 жыл сурады