Казакстан: Депутат балдарга социалдык тармактарды колдонууну чектөөнү сунуш кылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда депутат Асхат Аймагамбетов социалдык тармактарга катталууда жаш курагы боюнча чектөө киргизүүнү сунуштады. Эл өкүлү азыр TikTok жана Instagram тармактарына ата-эненин уруксаты жок, текшерүүсүз, алтургай 5–6 жаштагы балдар дагы катталып жатканын айтты.

Аймагамбетов Казакстанда балдарга бул тармактарга кирүүгө тыюу салууну сунуштады.

"Мындай чектөөлөр башка өлкөлөрдө да бар. Мисалы, Дания менен Австралияда 15–16 жаштан кийин гана каттоого уруксат берилет, ал эми Америка, Англия жана Ирландияда ата-эненин атайын уруксаты жана текшерүүсү талап кылынат", - деди депутат.

Кийинчерээк Аймагамбетов Telegram каналында пикирин толуктап, социалдык тармактарга катталууга 10–12 жаштан уруксат берилиш керек экенин белгиледи.

Анын пикиринде, социалдык тармактардын алгоритмдери адамдарды "телефонго толугу менен көз каранды кылууга" багытталган. Депутат ошондой эле социалдык тармактар балдардын эс-тутуму сыяктуу жөндөмүнө, уйкусуна терс таасир этиши ыктымал экенин белгиледи.

Депутаттын сунушуна жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү боюнча вице-министр Дмитрий Мун жооп берип, азырынча Казакстанда балдарга социалдык тармактарды колдонууга катуу чектөө коюу планда жоктугун, бирок бул багытта иш жүрүп жатканын айтты.

Эске салсак, Аймагамбетов 2019–2022 жылдары Казакстандын билим жана илим министри, ал эми 2022–2023 жылдары алты айга жакын окуу-агартуу министринин кызматын аркалган.

Кыргызстан 2023-жылы TikTok балдардын психикасына жана ден соолугуна терс таасир эткенин жүйө келтирип, аны чектеген.

Дагы караңыз

Прокурор Стамбулдун мэри Имамоглуна 2000 жыл сурады Бишкектин Көк-Жар конушундагы алты гектар жер мамлекетке кайтарылдыУКМК "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун 12 мүчөсү кармалганын билдирди