Ысык-Көлдө ур-токмоктон бир жаран каза болду, милиция кызматкерлери кылмышка шектелүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы эс алуу жайларынын биринде Э.Б. аттуу жаран белгисиз адамдар тарабынан ур-токмокко алынып, ошол эле күнү алган жараатынан улам ооруканада каза болду.

Облустук милициянын маалыматында, кылмышка шектүү төрт жаран кармалды. Алардын экөө милиция кызматкери. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды.

16-ноябрда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Психологдор соңку учурда депрессияда жүргөн адамдар көбөйүп, коомчулукта агрессия күч алганын белгилешет. Буга социалдык-экономикалык турмуштун начардыгы, теңсиздик, системалуу зомбулукка кабылган учурлар себеп дешет. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусияда өспүрүмдөр диверсия аракеттери үчүн өмүр бою эркинен ажыратылатОрусияда экс-өкмөт башчы Михаил Касьянов "террорчулардын" тизмесине киргизилдиУКМК эт азыктарынын баасын көтөргөндөр жоопкерчиликке тартыларын эскерттиПольша бийлиги темир жолдогу жардырууну “диверсия” деп мүнөздөдү