Аба ырайы: Жалал-Абад, Чүйдүн тоолуу аймактарында кар жаайт

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 19-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;

Ысык-Көл облусунда -2…+3, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 17…19° жылуу болот.

Дагы караңыз

Министр Кулубаев Кытай менен виза режими боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты Казакстанда өрттөн 12 киши каза болду, алардын тогузу балдарСауд Арабиясында жол кырсыгынан 45тен ашуун зыяратчы набыт болдуОрунбеков Threads социалдык түйүнүнүн колдонуучусу кармалганын билдирдиШайлоо: Үгүт талаптарын бузган деген негизде үч талапкер айыпка жыгылды