Зеленский: Азыр тарыхтагы эң оор кырдаалга туш болуп турабыз

Украинанын президенти Владимир Зеленский

21-ноябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский өз элине жасаган кайрылуусунда өлкө тарыхындагы эң оор учурга туш болгонун атты.

"Азыр Украина эң оор тандоонун алдында турат: же ар намысты жоготуу, же негизги өнөктөштөн айрылуу. 28 оор пункт же ызгаардуу кыш жана андан кийин тобокелдиктер", - деди Зеленский. Кеп АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы сунуштаган "Тынчтык пландын" 28 пункту тууралуу болуп жатат. Буга чейин бир катар маалымат каражаттары ал пландын чоо-жайын жарыялашкан.

20-ноябрда Киевде Зеленский АКШ армиясынын катчысы Даниел Дрискол менен жолуккандан кийин "тынчтык планын" Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп менен талкуулоого даяр экенин айткан. Ал кийинки аптада Трамп менен телефондон сүйлөшөрү кабарланды. Ал эми 21-ноябрда украин лидери АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс менен сүйлөшкөнүн маалымат каражаттары жазышты.

Зеленский кайрылуусунда Украинанын кызыкчылыктары эске алынышы керектигин айтып, АКШ менен бирге конструктивдүү чечим издөөгө убада берди.

Вашингтон даярдаган сунуштун чоо-жайы расмий билдирүүдө көрсөтүлгөн эмес.

Анткен менен Financial Times, Reuters жана Axios басылмаларынын маалыматына караганда, "тынчтык планда" Украинанын айрым аймактарынан жана курал-жарагынан баш тартуусу, армиянын санын кыскартуусу керек деген шарттар каралган. Андан тышкары Киев АКШнын аскердик жардамынан да баш тартышы зарыл.

Соңку эки жыл ичинде дал ушул Вашингтондун жардамы Украинанын коргонуусун камсыздап турган негизги фактор болгон.

Мындан тышкары маалым каражаттары жазгандай, планга Украинанын аймагында чет элдик аскерлердин жайгашуусуна тыюу салуу жана Киевге мындан ары узак аралыктан атылуучу ракеталарды жеткирбөө деген шарттар да кирген.

Дагы караңыз

Мексикалык Фатима Бош Фернандес "Аалам сулуусу" аталдыТакси лицензиясын жапырт текшерүү 1-февралда башталмай болдуАйсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектүүнүн ишин караган мурдагы үч судья кылмыш жообуна тартылат