Шайлоого жакын саясатчылар жапырт кармалды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого бир жума калганда бир катар саясатчылар жапырт кармалды. Алардын арасында “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадырбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары бар. Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар шайлоодон кийин тополоң уюштуруп, бийликти күч менен кулатууну пландашканын билдирди.