Башаламандык уюштурууну көздөгөн деген шек менен 22-ноябрда кармалгандар бөгөт чарасын аныктоо үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жеткирилди.
"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, соттун дарбазасы жабык турат, эч кимди киргизишкен жок.
Ички иштер министрлиги кечээ, 22-ноябрда "Массалык башаламандыкка чакырган" деген негизде 27 жаштагы Темирлан Султанбеков мекемеге жеткирилгенин билдирген жана анын эки киши менен бир бөлмөдө сүйлөшүп отурган видеосу социалдык тармактарга жайылтылган.
Ушул эле күнү кечинде ИИМ парламенттик шайлоодон кийин жапырт башаламандык уюштурууну көздөгөн топту кармаганын кабарлады. Мекеменин маалыматында, топтун арасында саясий ишмерлер, мурдагы депутаттар, мурдагы мамлекеттик, күч кызматкерлери бар жана алар чагым, күч колдонулган кагылышууларды уюштуруу максатында өз тарапкерлерин, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топторду, спортчуларды катарына тартышкан.
"Тинтүү учурунда курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар өлчөмүндөгү акча, тополоңду каржылоо боюнча документтер, иш пландары жана баңги каражаттар алынды", - деп айтылат маалыматта.
Кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (Зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б менен коштолгон массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, баары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Камакка алынгандар арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, ишкер Урмат Барыктабасов да бар.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров суракка кирип чыкканы тууралуу маалымат анын Телеграм каналына жарыяланган.
Каржы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев да суракта болгону, Атамбаев түптөп, каржылаган "Апрель" телеканалынын мурдагы директору Дмитрий Ложниковдун аялынын үйүндө тинтүү жүргөнү маалымдалган. (ST)