Темирлан Султанбеков, Шайлообек Атазов жана Кадырбек Атамбаев эки айга камалганы кабарланды

Башаламандык уюштурууну көздөгөн деген шек менен 22-ноябрда кармалган парламенттин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов, Социал-демократтардын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев 2026-жылдын 17-январына чейин камакка алынды.

Бул тууралуу Шайлообек Атазовдун жакын санаалашы, сотко катышкан Руслан Бекназаров "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, бөгөт чарасын кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жетиден ашык киши алып келинген.

Сот кармалган башка адамдардын бөгөт чарасы боюнча кандай чечим чыгарганы азырынча белгисиз. Алдын ала маалыматтарга караганда 12 адам кармалган, экөө Казакстандын жараны.

22-ноябрда кармалгандардын бөгөт чарасын кароо учурунда соттун имаратына журналисттер киргизилбей, мекеменин дарбазасы жабык турду.

Ички иштер министрлиги кечээ, 22-ноябрда "Массалык башаламандыкка чакырган" деген негизде 27 жаштагы Темирлан Султанбеков мекемеге жеткирилгенин билдирген жана анын эки киши менен бир бөлмөдө сүйлөшүп отурган видеосу социалдык тармактарга жайылтылган.

Ушул эле күнү кечинде ИИМ парламенттик шайлоодон кийин жапырт башаламандык уюштурууну көздөгөн топту кармаганын кабарлады. Мекеменин маалыматында, топтун арасында саясий ишмерлер, мурдагы депутаттар, мурдагы мамлекеттик, күч кызматкерлери бар жана алар чагым, күч колдонулган кагылышууларды уюштуруу максатында өз тарапкерлерин, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топторду, спортчуларды катарына тартышкан.

"Тинтүү учурунда курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар өлчөмүндөгү акча, тополоңду каржылоо боюнча документтер, иш пландары жана баңги каражаттар алынды", - деп айтылат маалыматта.

Кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (Зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б менен коштолгон массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, баары убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Камакка алынгандар арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров, ишкер Урмат Барыктабасов да бар.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров суракка кирип чыкканы тууралуу маалымат анын Телеграм каналына жарыяланган.

Каржы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев да суракта болгону, Атамбаев түптөп, каржылаган "Апрель" телеканалынын мурдагы директору Дмитрий Ложниковдун аялынын үйүндө тинтүү жүргөнү маалымдалган. (ST)

Дагы караңыз

Башаламандык уюштурууга шек саналгандардын бөгөт чарасы каралуудаАйсулуунун өлүмү: Шектүүнүн ишин караган мурдагы судья Абакиров президентке кайрылдыСултанбековдун апасы ИИМ тараткан маалымат чындыкка жатпасын билдирди