Трамптын "тынчтык планы": Женевадагы жолугушууда олуттуу жылыш болдубу?

Харьковго болгон чабуулдун кесепети.

Ак үй Киев менен Женевадагы сүйлөшүүлөр Украинадагы согушту токтотууга багытталган “олуттуу жылышка” алып келгенин жана “жаңыланган ” тынчтык планын иштеп чыгууга көмөктөшкөнүн билдирди. Вашингтондун айтымында, документ Украинанын суверендүүлүгүн толук коргоп, адилеттүү тынчтыкты камсыздайт.

23-ноябрда жарыяланган билдирүүдө АКШ тынчтык планын түзүүдө кандай өзгөртүүлөр киргизилгенин тактаган жок. Президент Дональд Трамп сунуштаган 28 пункттан турган документти Киевдин өнөктөштөрү “Орусияга ыңгайлуу” деп сындады.

“Сүйлөшүүлөр конструктивдүү, максаттуу жана урмат-сый менен өттү. Анда адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетүү үчүн бирдиктүү аракеттер баса белгиленди. Позицияларды шайкеш келтирүү жана кийинки кадамдарды тактоо боюнча олуттуу жылыш бар”, -деп жазылган АКШ–Украина биргелешкен билдирүүсүндө.

“Кандай гана келишим болбосун, ал Украинанын суверендүүлүгүн толук камсыздашы шарт. Жүргүзүлгөн талкуулардан кийин тараптар жаңыланган жана такталган тынчтык келишиминин долбоорун иштеп чыгышты”, — деп айтылат документте.

Вашингтон жана Киев Европа өнөктөштөрү менен тыгыз байланышта болууга макул болушканы да белгиленди.

АКШ президенти Дональд Трамп сүйлөшүүлөр боюнча комментарий бере элек.

АКШ тараптан Женевага барган делегация, 23-ноябрь, 2025-жыл.

23-ноябрда өткөн сүйлөшүүлөрдө Вашингтондун делегациясын мамлекеттик катчы Марко Рубио, атайын өкүл Стив Уиткофф жана президент Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер баштап барды. Рубио белгилегендей, сүйлөшүүлөрдүн максаты 26 же 28 пунктан турган келишимдин тактала элек пункттарына көңүл буруу болгон.

"Мен бул сунуштун акыркы версиясындагы кайсы бир конкреттүү пункттар тууралуу болжолдуу айтып же деталдарына аралашкым келбейт. Анткени, эртең же кийинки күнү алардын айрымдары өзгөрүп кетиши мүмкүн. Бирок бүгүн абдан чоң жылышка жеткенибизди так айта алам. Ошондуктан бул жерде кандайдыр бир жыйынтыкка келебиз деп ишенимдүү жана оптимисттик маанайда турам", - деди Рубио.

Рубио АКШ Украина менен сүйлөшкөндөн кийин тынчтык планын оңдоп жатканын билдирди. Ошондой эле мамкатчы тынчтык планы боюнча акыркы чечимди АКШ президенти Дональд Трамп жана Украина президенти Владимир Зеленский бекитүүгө тийиш экенин айтты.

Украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермак жана АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио.

Украина делегациясынын башчысы, президент Владимир Зеленскийдин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак журналисттерге сүйлөшүүлөр “абдан жакшы болгонун” жана “Украина эли адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жакындап бараткандарын” билдирди.

Ушул эле күнү украин президенти Владимир Зеленский Киев үчүн Вашингтондун өкүлдөрү менен диалог жүргүзүү маанилүү экенин айтты.

"Биз Украинанын кызыкчылыктарын коргоп жатабыз. Биздин позиция бул жалпы мамлекеттин жана украин элинин бирдиктүү позициясы. Бул - улуттук кызыкчылыктарды, көз карандысыздыкты жана эгемендикти коргоодо украиналыктардын биримдиги.
Украин делегациясына так көрсөтмөлөр берилген, алар азыр ошол багытта иштеп жатат. Ошол эле учурда биз тараптан бири-бирине каршы келген белги, Украинага таандык эмес билдирүүлөр чыкпаганы абдан маанилүү".

Дагы караңыз Украина: "Тынчтык планы" Зеленскийди кыйын кырдаалга кептеди

Зеленский Трамп мененжолугабы?

Ал ортодо айрым эл аралык медиа жакынкы күндөрү Зеленский Трамптын "тынчтык планын" Вашингтондо талкуулашы ыктымал экенин жазышты. Reuters өз булактарына таянып, талкуу Киевдин Орусия басып алган айрым аймактарынан баш тартуусу тууралуу пункттун айланасында болорун жазды.

Трамп сунуштаган "тынчтык планынын" чоо-жайы расмий жарыяланган эмес. "Анын айрым пункттары" делген маалыматты журналисттер жазып чыккан. Жарыяланган текстке караганда, жаңы план Москванын буга чейинки Украина "Донецк, Луганск, Крымдан баш тартуусу керек" деген талаптарын камтыйт.

Ошондой эле Украина НАТОго кирүүдөн баш тартууга жана Батыш аскерлерин өз аймагына жайгаштырууга тыюу салууга тийиш.

Financial Times, Reuters жана Axios басылмаларынын маалыматына караганда, планда Украинанын айрым аймактарынан жана курал-жарагынан баш тартуусу, армиянын санын кыскартуусу керек деген шарттар каралган. Андан тышкары Киев АКШнын аскердик жардамынан да баш тартышы зарыл.

Соңку эки жыл ичинде дал ушул Вашингтондун жардамы Украинанын коргонуусун камсыздап турган негизги фактор болгон.

Трамп 22-ноябрда бул планга дагы оңдоо-түзөө болорун четке каккан эмес.

Дүйшөмбү күнү Кремл Женева сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы тууралуу эч кандай расмий маалымат албаганын билдирди. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва кандайдыр бир келишимдин долбоорунун мазмунун медиа аркылуу талкуулабасын айтты.

Дмитрий Песков.

"Биз азырынча эч кандай расмий маалымат алган жокпуз. Албетте, акыркы бир нече күндө, анын ичинде Женева боюнча маалымат каражаттарынын кабарларын толук карап жатабыз, бирок расмий түрдө бизге азырынча эч нерсе келген жок".

Ал эми орус президенти Владимир Путин Трамптын "тынчтык планын" ушул жайда Аляскада талкууланган келишимдин «жаңыланган версиясы» деп атап, эгер Украина андагы шарттарга көнбөсө согуш улана берерин айтканын орус медмасы жазды.

Ал тапта Евробиримдиктин мамлекет башчылары АКШнын Украинадагы урушту токтотуу аракетин колдой турганын, бирок Вашингтон сунуштаган план кайра каралууга тийиш экенин жарыялады.

Германиянын канцлери Фридрих Мерц АКШ сунуштаган план боюнча Украинага ылайыктуу чечимди Трамп белгилеген мөөнөткө чейин табууга мүмкүн эмес деп эсептейт.

Фридрих Мерц.

"Менин позициям өзгөрүүсүз. Пессимистмин деп айтпайм, бирок азырынча президент Трамп каалагандай чечим бир нече күндө ишке ашарына ишенбейм. Президент Трамп бейшембиде жыйынтыкка келүүнү талап кылууда. Биз ал максаттан дагы деле алыспыз. Бул такыр мүмкүн эмес дегенди билдирбейт. Бирок азыркы айырмачылыктарды эске алганда, андай жыйынтыкка жетүү ыктымалдыгынан күмөн санайм. Дагы бир аз күтүүгө туура келет".

Немис маалымат агенттиги dpa жазгандай, Европанын альтернативдүү тынчтык планы Украина азыр көзөмөлдөп турган аймактарды берүүнү талап кылбайт. Ошондой эле АКШ сунуштаган пландагы 600 миң аскердин ордуна Украинанын куралдуу күчтөрүнүн жогорку чеги 800 миң болуп белгилениши мүмкүн. Ал планга ылайык, Украина ишенимдүү коопсуздук кепилдиктерин алат.

Агенттиктин маалыматына караганда, бул планда Украинанын НАТОго мүчө болуусуна түз тыюу жок, ал эми Орусияга согуш кылмыштары үчүн толук амнистия каралбайт.

Майданда абал оор

Украинада урушту токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр уланып жаткан чакта майданда кырдаал оор.

Орус күчтөрү 23-ноябрдын кечинде Харьков облусуна дрон менен жапырт чабуул койду. Облустун аскердик администрациясы төрт адам мерт болуп, 13 киши жабыркаганын, арасында эки бала бардыгын билдирди.

24-ноябрга караган түнү орус армиясы Украинага жалпысынан 162 дрон менен чабуул койду.

Орусиянын Коргоо министрлиги согуш башталган үч жарым жылдан бери аскердик жайларды бутага аларын билдирип, жарандык инфраструктуралардын талкаланганын көптөгөн далилдерине карабастан четке кагат.