Нарын облусунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунда беш компания иштеп жатат жана андагы 1839 жумушчу кытай, ал эми 86сы кыргыз жараны. Бул тууралуу аталган долбоорго байланыштуу аймактагы коллегиялык жыйында айтылды.
Расмий маалыматка ылайык, бул жолдун 208 чакырымы аталган облустагы эки район аркылуу өтөт. Анын 130 чакырымы Ат-Башыга, ал эми 78 чакырымы Ак-Талаага туура келет.
Жалпысынан эки райондо 1859 гектардан ашык жер трансформацияланды. Ага Жерге-Тал айылындагы 13 турак жай жана 31 жарандын 35 гектардан ашык айдоо аянты дагы кирет. Учурда үйлөрү бузула турган жети жаранга айылдын четинен тилке берүү, калган алты тургунга кенемте төлөп берүү жагы каралууда.
Кыргыз өкмөтү бул жолдун курулушуна жалпы канча кытай жараны тартылганы тууралуу так маалымат бере элек. Соңку кездери өлкөдө кытай жарандары көбөйгөнү тууралуу сөздөр чыккан. Кытай жарандары аралашкан ар кандай окуялар катталган.
Президент Садыр Жапаров кытай жарандары ири долбоорлорго байланыштуу убактылуу келгенин, ар бир мигрант көзөмөлдө экенин билдирген.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу былтыр жыл аягында расмий башталган.
Бишкекте “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу” ишканасы түзүлгөн. Анын негиздөөчүлөрү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому. Бул ишкана темир жолду куруу үчүн Биргелешкен долбоорлоочу компания (БДК) болот. Кошкон каражатына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.
2024-жылы июнда Бээжинде долбоорду биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, каржылоо маселеси чечилген.
Долбоор наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн. Мунун жарымын – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн БДКга насыя катары берет. Кыргыз өкмөтү курулуштун уставдык капиталына 11 млрд сом бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги жарыялаган 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорунда жазылган. Темир жолдун курулушуна 20 миңден ашык адам жумушка тартылат.
Темир жол “Кашкар–Торугарт–Макмал–Жалал-Абад–Анжиян” багытында түшөт. Узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Темир жолдун 40% туннелдерден жана көпүрөлөрдөн турат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Расмий маалыматка ылайык, темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.