Москва менен Киев бири-бирине сокку урду, 10го жакын өмүр кыйылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украинадагы согушту токтотуу боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан маалда Киев менен Москва бири-бирине абадан сокку урду. Украин баш калаасында алты жайкын тургун мерт кетсе, Орусиянын Таганрог шаарында үч адам набыт болгону кабарланды. Абу-Дабиде Америка армиясынын министри Дрисколл орус делегациясы менен жолугуп жатат.