Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Жогорку Кеңешке талапкерлердин биринин (А.Л.) кызы Салтанат Исманова жана жээни Шаабидин Токтосартовго издөө жарыяланганын билдирди. Талапкердин аты-жөнү толук айтылган жок.
Шаардык милициянын маалыматында Бишкекте шайлоодо добуш сатып алуу аракети аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси – “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөдө бул ишти Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкердин (А.Л.) кызы жана жээни уюштурганы аныкталган. Алар шайлоочулардын добушун сатып алуу үчүн талапкердин штабынан 360 миң сом бергени такталган. Каражат кимге берилгени так айтылган эмес.
“Каражатты бергенден кийин алар добуш сатып алуу схемасын уюштуруу боюнча так көрсөтмөлөрдү берип, шайлоочулардын тизмелерин алуу менен алектенишкен”, - деп айтылат маалыматта.
26-ноябрда Салтанат Исманова жана Шаабидин Токтосартовго сыртынан айып коюлуп, сот шектүүлөрдү Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды. Шектүүлөрдүн жакындары жана адвокаттары комментарий бере элек.
10-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Үгүт өнөктүгү 20 күнгө уланып, 29-ноябрда аяктайт. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн жалпы 467 талапкерди каттады, алардын 276ы эркектер, 191и аялдар.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган. “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу кажет же эки аял болсо бири эркек болушу шарт. (BTo)