Путиндин Бишкек сапарында сегиз документке кол коюлду

Владимир Путин жана Садыр Жапаров. Бишкек. 26-ноябрь, 2025-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында эки тараптуу сегиз документке кол коюлду.

26-ноябрда Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак Ордо” имаратында эки өлкөнүн президенттери союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Ошондой эле билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, коопсуздук, экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташуу жаатында документтерге кол коюлду. Мунун ичинде Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Орусиянын өкмөтүнүн ортосундагы эки өлкөнүн ички иштер жана миграция маселелери боюнча компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашуу да бар.

Владимир Путин 25-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Анын Кыргызстанга сапары 27-ноябрь күнү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) саммитинен соң жыйынтыкталат.

Орусияда соңку жылдары мигранттарга каршы мыйзамдар катаалдашып, бул өлкөдө эмгектенип жүргөн кыргызстандык мигранттар бир катар чектөөлөргө туш болуп жатканын айтып келишет. Айрымдар Орусиянын аэропортторунан коё берилбей, артка кайткан учурлар бар.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Орусияда 377 миң кыргыз жараны миграциялык каттоого алынганын, жалпысынан бул өлкөдө Кыргызстандын 612 миң жараны бар экенин айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Путин Кыргызстан менен төлөмдөрдүн 97% улуттук валюталарда жүргүзүлүп жатканын айттыИталияда фемицидге айыпталгандар өмүр бою эркинен ажыратылатОрус армиясынын чабуулунан Запорожьеде 20дай киши жабыркадыТайландда суу ташкыны 33 адамдын өмүрүн алдыШайлоо-2025: Бир талапкердин кызы менен жээнине издөө жарыяланды"Азаттыктын" материалынан кийин Бишкектеги чет элдик мигранттарга айлыгы берилдиЕрмак Зеленский Трамп менен "болушунча тезирээк" кезигүүгө даяр экенин билдирдиАйсулуунун өлүмү: Шектүүнүн ишин караган судьялар кармалды Кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик менен ташылып бараткан мал-жандык аныкталды