Чүйдө талаадан чыккан өрттөн эки сарай, 1000 түк чөп күйүп кетти

Чүйдө чыккан өрт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 26-ноябрда Токмок шаары менен Чүй районунун чегинде чыккан өрттөн эки сарай, 1000 түк чөп, бир чарбалык курулуш, бир желмаян (муравей унаасы) жана болжол менен 400 гектар аянттагы камыш, бадал, бак-дарактар өрттөнгөнүн билдирди. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.

Токмокко жакын жердеги талаада өрт чыкканы тууралуу маалымат 26-ноябрда саат 12:13тө түшүп, өрт 27-ноябрга караган түнү толук өчүрүлдү.

Өрттү өчүрүүгө 186 кызматкер, 11 өрт өчүрүүчү автоунаа, суу ташуучу эки машине, эки дрон, эки көчмө насостук станция жана беш мотопомпа тартылды. Күндүз шамал болуп, өрттүн аянты кеңейип кетип, тилсиз жоонун кесепетин жоюу үчүн атайын штаб түзүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Гонконгдо бийик имараттарды каптаган өрттөн 40тан ашуун киши каза таптыСурдлимпиада: Кыргызстандын курама командасы алты медалга ээ болду Министр Кулубаев Путиндин сапарында мигранттар маселеси талкууланганын билдирдиАмангелдиев Путиндин Бишкек сапарында тигүүчүлөрдүн маселеси да талкууланганын айттыЖапырт кармалгандар: Үч шектүүгө "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айып коюлдуАйзиректин өлүмү: Маркумдун жолдошуна чыккан өкүм өзгөртүүсүз калды