Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы Түштүк аймактык аскер соту Крым көпүрөсүндө 2022-жылдын октябрында болгон жардырууга айыпталган сегиз кишини өмүр бою эркинен ажыратты.
Артём жана Георгий Азатьян, Роман Соломко, Владимир Злоба, Артур Терчанян, Александр Былин, Олег Антипов, Дмитрий Тяжёлых теракт жасаган, жардыргыч заттарды мыйзамсыз кармаган деп айыпталды.
Жабык каралган сотто айыпталуучулар өздөрүнө тагылган күнөөнү четке кагышты. Алар жүк тууралуу билбегенин кайталашты.
Аннексияланган Крымдагы көпүрөдөгү жардыруу 2022-жылы 8-октябрда болгон. Көпүрөнүн автоунаалар жүргөн бөлүгүндө жардыргыч коюлган жүк ташуучу машине жарылган. Беш киши каза тапкан - жүк ташуучу машиненин айдоочусу, жолдон өтүп бараткан жеңил унаанын ичиндегилер.
Соттолгон петербургдук Олег Антипов өзүнүн компаниясы Крымга 23 тонна курулуш плёнкасын жеткирүү тууралуу буйрутма алганын айткан. Аялы ал жардыруу тууралуу жаңылыктардан угуп, атайын кызмат менен өзү байланышкандан кийин камалганын билдирген.
Орусиянын тергөөсү жардырууну Украинанын коопсуздук кызматынын башчысы Василий Малюк уюштурган деген версия жарыялаган.
Украина көпүрө аркылуу орус армиясына аскерлер, техника жана ок-дары ташылып жаткандыктан, анын бутага алынышы легитимдүү экенин билдирген.
Көпүрө Орусия 2014-жылы Крымды Украинадан аннексиялап алгандан кийин курулган, жарым аралды Орусиянын түштүгү менен туташтырат. Анын ачылышына 2020-жылы президент Владимир Путин өзү катышкан. Бул аннексияланган Крым жарым аралына алып баруучу кургактагы жалгыз жол. Москва аны Крымга жана Украинанын Орусия оккупациялап алган аймактарына аскердик техника жеткирүүдө жигердүү колдонот.