Бишкек мэриясы борбор калаадагы Чыңгыз Айтматов проспектиндеги жер тилкелерине байланыштуу сотко берген арыздарын кайтарып ала турган болду. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына тапшырма бергенин мэриянын басма сөз кызматы 28-ноябрда билдирди.
Мэрия 29 доо арызын артка кайтарып, жер ээлерине башка жер участогун берет же кенемте төлөп берет.
“Ленин районунун акимине алгач жарандарга альтернативдүү, бирдей жер тилкелерин берүү жана баш тартылган учурда, учурдагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кадастрдык наркына жараша компенсация төлөөнү карап чыгуу тапшырылды”, - деп айтылат билдирүүдө.
Быйыл жазында Чыңгыз Айтматов проспектиндеги автоунаа жолу кеңейтилип, алты тилкелүү трасса курулуп, четине велосипед тепкендер үчүн өзүнчө жол жана тротуар курулган. Ошол учурда жол жээгиндеги "Киргизия" конушундагы 60тан ашык үйдүн дубалынын бир бөлүгү бузулган. Конуштун тургундары мэриянын аракетин мыйзамсыз деп баалап, жеке менчик укугу бузулуп жатканын билдиришкен.
Бишкек мэриясы бул имараттар “кызыл сызыктан” чыгып кеткенин белгилеп, аларды бузуу иштери мыйзамдуу жүрүп жатканын маалымдаган.