Трамп "дүйнөнүн үчүнчү өлкөлөрүнөн" АКШга миграцияны токтоторун билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп 27-ноябрдын кечинде "жакыр, үчүнчү өлкөлөрдөн миграцияны толук токтотууга" убада кылды. Мындай билдирүүнү ал Truth Social социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Бул кадам Вашингтондо аткылоодо Улуттук гвардиянын эки аскери жаракат алып, алардын бири каза болгондон кийин жасалды.

Өз билдирүүсүндө Трамп мигранттарды катуу сынга алып, миграцияны токтотуу "америкалык системаны толук калыбына келишине" жардам берерин кошумчалады.

Анын айтымында, мурунку иммиграциялык саясат "көптөгөн америкалыктардын жетишкендиктерин жана жашоо деңгээлин төмөндөтүп" койгон.

АКШ президенти кайсы өлкөлөрдү "үчүнчү дүйнө" деп эсептерин тактаган жок.

Трамп качкындарды "Америкада коомдук башаламандыкты пайда кылды" деп айыптап, "пайда алып келбеген" ар бир чет өлкөлүктү өлкөдөн чыгарууга сөз берди.

Америка лидери мурунку президент Жо Байден администрациясы маалында келген бардык ооган качкындарынын грин карталарын кайра текшерүүнү талап кылды.

27-ноябрда АКШнын Жарандык жана иммиграциялык кызматтар агенттиги (USCIS) 19 "кооптуу" өлкөдөн келгендерди текшерүү күчөтүлөрүн маалымдады. Axios басылмасы USCISге таянып 19 мамлекеттин тизмесин жарыялады. Алардын арасында толук кирүүгө тыюу салынган өлкөлөрдүн катарында Ооганстан, Бирма, Чад, Конго Республикасы, Экватор Гвинеясы, Эритрея, Гаити, Иран, Ливия, Сомали, Судан жана Йемен бар. Ал эми Бурунди, Куба, Лаос, Сьерра-Леоне, Того, Түркмөнстан жана Венесуэланын жарандарына жарым-жартылай чектөө киргизилген.

Мындан тышкары, USCIS ооган жарандарынын бардык иммиграциялык арыздарын токтотту.

Окуя президент аскерлер менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүүсүн утурлай болгон.

Кылмышка айыпталып 29 жаштагы Ооганстандын жараны кармалды. Ал Американын Ооганстандагы аскердик операциялары маалында Борбордук чалгын кызматы менен иштешип жүргөнү маалым болду. Кийин Вашингтондун аскерлерине жардам берген адамдарды көчүрүп келүү программасы аркылуу Америкада отурукташкан.

Жабыркагандардын бири 20 жаштагы Сэра Бекстром бейшемби кечинде каза болду. 24 жаштагы Эндрю Вулф оор абалда. Шектүүнүн өзү да жарадар болгон, бирок өмүрүнө коркунуч жок экени айтылды.

Трамп буга чейин мыйзамсыз миграцияны азайтууга убада берип, президент болгондон кийин рейддер жана депортациялар АКШдагы бир катар мигранттардын жашоосун татаалдатты.

Илимий изилдөөлөр миграция кылмыштуулукту күчөтөт деген түшүнүктү четке кагат.

Дагы караңыз

Зеленскийдин администрация башчысы Ермактын үйүндө тинтүү жүрүп жататМэрия Айтматов проспектиндеги жер маселеси боюнча соттогу арыздарын кайтарып алатГонконгдо өрттөн набыт болгондор саны 128ге жетти, 200дөй киши дайынсыз