"Октябрдагы шайлоонун сабагын алдык"

Кыргызстандын Австриядагы элчиси, БШКнын мурдагы төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Прага шаары, Чехия.

мазмуну

  • Жаңы система сыртта жүргөн кыргыз жарандарына кандай мүмкүнчүлүк берет?
  • Бул жолу шайлоочулар жана бийлик өкүлдөрү мурдагы шайлоолордон сабак алдыбы?
30-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө, жалпы 34 өлкөнүн аймагында 100 добушкана ачылды. Конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бул жолу шайлоочулар аралыктан добуш бере алат. Буга чейин чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын көбү шайлоого катыша албай келген.

"Азаттыктын" суроолоруна Кыргызстандын Австриядагы элчиси, БШКнын мурдагы төрайымы Нуржан Шайлдабекова жооп берди.

- Бул жолку шайлоодо чет өлкөдө жашап жүргөн кыргыз жарандары аралыктан туруп Кыргызстанда катталган жери боюнча добуш бере алат. Бул сыртта жүргөн миңдеген кыргыз мигранттарына канчалык мүмкүнчүлүк берет?

- Быйыл биринчи жолу жапырт түрдө аралыктан добуш берүү системасы колдонулуп жатат. Бул мурда тест режиминде жергиликтүү шайлоодо колдонулган. Бирок улуттук деңгээлдеги шайлоодо биринчи жолу иштетилип жатат. Мамлекеттин милдети чет өлкөдө жүргөн жарандарга добуш берүүгө катышууга шарт түзүп берүү. Ушул максатта бул система киргизилди.

Эрежеси жана процедурасы жөнөкөй: жарандарыбыз улуттук паспорту менен келип добуш бере алат. Идентификациядан өткөндөн кийин Кыргызстанда кайсы аймакта каттоодо турса, ошол аймактын округунун бюллетенин алып, өзүнүн округундагы талапкерлер үчүн добуш берет. Бул система, менимче, уникалдуу мүмкүнчүлүк.

- Четте жүргөн кыргыз жарандары чукул же мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоо тууралуу жетиштүү, так маалымат ала алдыбы?

- Маалымдоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы көп аракет кылды. Онлайн консультациялар өткөрүлдү, көптөгөн жарандар маалымат алды. Азыркы маалымат берүү процесси негизинен социалдык тармактар жана интернет аркылуу жүрүүдө. Менимче, интернетте керектүү маалыматтар жетиштүү болду. Кимдин кызыкчылыгы болсо, бардык маалыматты таба алды.

- Бул жолу чет өлкөдө узак убакыт бою жашаган жаран шайлоого талапкер катары катыша албайт деген жобо киргизилди. БШКнын мурдагы төрайымы эле эмес, азыр Кыргызстандын чет жактагы элчиси катары бул норманы сиз кандай кабыл алдыңыз?

- Менимче, бул маселени кийин шайлоо мыйзамдарын кайра карап жатканда кеңири талкуулоо зарыл. Себеби бул эреже иш жүзүндө кандай иштегени көрүндү. Айрым чет өлкөдө жүргөн жарандарыбыз ишенип жүргөн талапкерлеринин катталбай калганын айтып жатышат. Мага да ушундай арыздар болду. "Эреже эмне үчүн ушинтип кабыл алынды?" деп сурагандар бар.

Бул эрежени парламент кабыл алган. Аны талкуулоо керек. Кыргызстан жарандары ички да, тышкы да миграцияда көп болгон өлкө. Көп жаран кайтып келгенине карабай чет өлкөдө жашагандардын саны дагы эле көп. Ошондуктан бул норманы кайра карап, салмактуу баалоо керек. Бул азыркы шартка туура келеби же чектөө болуп жатабы, муну чечиш керек.

- Буга чейин чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын шайлоого катышуусу өтө төмөн экени айтылып келген. 2021-жылы президенттик шайлоодо жана референдумда чет өлкөлөрдөн өтө аз сандагы кыргызстандыктар добуш беришкен. Шайлоого катышуу көрсөткүчү өтө төмөндөп кеткени Кыргызстандын өзүндө деле катталды. Буга эмне себеп? Эмнеге шайлоочулар добуш берүүгө келбей коюшат же активдүү эмес?

- Парламентке же жергиликтүү кеңештерге ким тандалып келгени шайлоонун сапатына таасир этет. Мисалы, кандайдыр бир округда мурда мыйзам бузган, соттуулугу бар адам депутат болуп калса, шайлоо системасына болгон ишеним төмөндөйт. Себеби шайлоо биометрикалык же сканер менен аныкталбайт. Жалпысынан шайлоо жараяны абдан маанилүү. Бирок андан да маанилүүсү - ким шайланып келет. Ошондуктан мамлекет өзүнө тиешелүү шарттарды жана процедураларды түзүп берди. Калганы шайлоочулардын колунда. Менин оюмча, шайлоо системасындагы маселелердин бири шайлоочулар талапкерлерди туура тандоосунда. Шайлоо процедурасы менен жыйынтык бири-бирине шайкеш болгондо гана жарандар "система туура иштейт, компетенттүү адамдарды шайлап алабыз" деп ишене баштайт. Муну кантип чечсе болот? Активдүү катышуу менен.

Эгер шайлоочулар кайдыгер болуп, добуш бербей койсо, тажрыйбасы жок же жеке кызыкчылыгы үчүн келген адамдарга мүмкүнчүлүк көбөйөт. Аз сандаган адам катышуусу добуш сатып алуучуларга ыңгайлуу шарт түзөт. Мисалы, 5000 добушту сатып алуу оңой. Бирок бир округда 14–20 миң шайлоочу келип добуш берсе, добуш сатып алуучулар баарын жеңе албайт. 2020-жылы октябрда мунун айынан шайлоонун жыйынтыгын коом кабыл албай калган. Эки партия 470–480 миң добуш алып, көп мандатты ээлеп алышы күмөн жараткан. Добуштар так саналганы менен, сатып алуунун масштабы жыйынтыкты кыйыр түрдө бурмалады. Коом буга макул болгон жок.

"Менин добушум эч нерсени өзгөртпөйт" деген түшүнүк туура эмес. Ар бир добуш маанилүү. 2020-жылы добуш сатып алуу ачык эле жүргөн. Укук коргоо органдары абалды көзөмөлдөй албай калган. Айрым партиялар административдик ресурска ээ болсо, башкалары акчага таянды. Натыйжада шайлоо бийлик менен акчанын күрөшүнө айланып, саясий атаандаштык экинчи планга сүрүлдү.

- 2020-жылдагы Октябрь окуяларына себеп болгон шайлоо тууралуу өзүңүз айтып калдыңыз. Андан бери беш жыл өттү. Сиз кандай пикирдесиз, мамлекеттик органдар, бийлик, эл ошол шайлоодон сабак алдыбы?

- Октябрь окуяларынан кийин укук коргоо органдары да сабак алды. 2021-жылкы президенттик шайлоодо милиция бүткүл республика боюнча жигердүү иш жүргүздү. Эч кимди күнөөлөбөйбүз, бирок мындай массалык процессте жетекчиликтин саясий эрки өтө маанилүү. Ар бир мекеме өз милдетин калыс аткарышы керек. Шайлоодо эркиндик эң башкы максат.

Нуржан Шайлдабекова жана Чехиянын борбору Прага шаарындагы кыргызстандыктар.

- Сиз быйыл Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп дайындалдыңыз. Элчиликке Австрия менен катар Чехия жана Словакиядагы кыргызстандыктар да карайт. Бул өлкөлөрдө жалпы добуш бере турган жарандардын саны канча?

- Чехияда, Австрияда, Словакияда биздин жарандарыбыз көп. Словакияда акыркы жылдары алардын саны өсүп жатат. Анткени ири заводдорго ишке жиберген агенттиктер көбөйдү. Ошондуктан элчилик ал жерде да шайлоо тилкесин ачуу сунушун берген, ал колдоого алынып, БШК бекиткен. Чехияда мурдатан бери кыргыз жарандары көп болуп, курултай делегаттары шайлоого катышуу маселесин көтөрүп жүрүшкөн.

Чет жердеги шайлоочудардын активдүүлүгү абдан маанилүү. Бул мамлекет менен жарандардын ортосундагы диалогдун жакшы көрсөткүчү болот.

Ушундан пайдаланып, Чехиядагы, Словакиядагы жана башка өлкөлөрдөгү жарандарга кайрылат элем: аралыктан добуш берүү чоң мүмкүнчүлүк. Мамлекет муну кыска мөөнөттө ишке ашырды. Эми жарандарыбыз активдүү катышса, бул эң жакшы белги болот.