Бишкек шаарында Элебаев көчөсүнө көп кабаттуу турак жай салып жаткан “Курулуш” компаниясына айып пул салынып, кемчиликтерди жоюу үчүн 10 күн мөөнөт берилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Мунун алдында курулушта коопсуздук талаптары бузулганына байланыштуу жашоочулардан кайрылуу түшкөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө объект жанаша аймакка кооптуу абал жаратканы аныкталып, компанияга 200 миң сом айып салынды. Белгиленген кемчиликтер жоюлганга чейин иш токтотулду. Ал эми лицензиясын токтотуу маселеси атайын комиссияда каралат.
Курулуш министрлиги бардык курулуш уюмдарын мыйзамдагы жана техникалык коопсуздук талаптарын так сактоого чакырды.
Курулуш көп жүргөн ири шаарларда киши өмүрүн алган кырсыктар катталып жүрөт.
Буга чейин курулуштагы кырсыктын кескин көбөйүшүнө байланыштуу Бишкек шаардык архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы менен курулуш компанияларынын биринин жетекчиси кармалган. Бир нече жыл мурда объектилерден жумушчулар кулап кеткен он чакты окуя катталса, акыркы убакта жылына жүздөн ашуун факты катталууда.
Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, 2022-жылы курулушта 11 адам кулап кетсе, 2023-жылы 73, 2024-жылы 172, ал эми 2025-жылдын 3 айында эле 30дан ашуун окуя катталган. (КЕ)