30-ноябрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саат 12:00гө карата 518 миң 473 жаран добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева билдирди. Мындай көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 12,07% түзөт.
Саат 11:00гө карата маалыматта жалпы шайлоочулардын 7,65% пайызы (328 миң 461 жаран) добуш берүүгө катышкан.
Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси саат 8:00дө ачылып, добуш берүү башталган. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеп жатат. Чет өлкөлөрдө 100 тилке бар жана Бишкек убактысы боюнча саат 8:00гө чейин 620 шайлоочу добуш берди.
Боршайком билдиргендей, шайлоого жалпы 460 талапкер ат салышууда жана бул жолу 4 294 243 шайлоочу добуш берет. Анын 48,47% эркектер, 51,52% аялдар.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.
“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу кажет же эки аял болсо бири эркек болушу шарт.