Суу ташкыны, катуу куюндан Азияда 700дөн ашуун киши каза тапты, жүздөгөнү дайынсыз

Индонезия. 27-ноябрь, 2025-жыл

Бороон-чапкындуу куюн, тынымсыз нөшөрлөп жааган жамгыр Индонезияда кеминде 303, Шри-Ланкада 200дөн ашуун, Тайландда 162, Малайзияда эки кишинин өмүрүн алып кеткенин жекшембиде Рейтер агенттиги билдирди. Дагы жүздөгөн адам дайынсыз.

Шри-Ланкада он миңдеген үйлөр, башка имараттар суу астында калып, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланды. 44 миңдей киши убактылуу жайларга көчүрүлүп, табигый кырсыктан жабыр тарткан аймактарда куткаруу иштери улантылып жатат.

Шри-Ланканын бийлиги катуу нөшөр токтобой атканын, аралдын калкы чукул жардамга муктаж экенин айтып эл аралык коомчулукка кайрылды. Индия, Жапония жекшембиде куткаруучуларын жардамга жөнөтүштү.

Маалыматтарга караганда, 22 миллиондой калкы бар Шри-Ланка аймагынын үчтөн бири электрсиз, таза суусуз калды.

Илимпоздор Индонезия, Тайланд, Малайзияны камтыган Түштүк-Чыгыш Азияны глобалдык климаттын өзгөрүүсүнөн эң көп жапа чеккен аймак деп атап эскертип келатышат.

Дагы караңыз

Шайлоо: Эреже бузуулар жөнүндө 269 билдирүү түштү Тергөө абактарындагы 500дөн ашуун шектүү добуш берди