Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Новороссийск деңиз портунун акваториясындагы Каспий мунай өткөргүч консорциумуна таандык инфраструктурага жасалган чабуул үчүн Украинага нааразылык нотасын жарыялады.
Маалыматта айтылгандай, украин дрондору дем алышта бул жердеги объектилерге келтирген зыяндан улам Казакстандын мунайын Новороссийск портундагы танкерге жүктөө иши кыйындады.
"Эл аралык нормалар боюнча кепилденген жарандык объектинин ишине каршы ушуну менен үчүнчү жолу агрессиялык акт жасалды. Украина тараптан келечекте мындай актылар болбой тургудай аракеттер жасалышын күтөбүз", - деп айтылат Астана тараткан нааразылык нотасында. Украина расмий түрдө бул соккулар үчүн жоопкерчиликти алган эмес.
Каспий мунай өткөргүч консорциуму (КТК) - Казакстан, Орусия жана бир катар мунай өндүрүүчү батыштык компаниялар кирген ишкана. Негизинен узундугу 1500 чакырым куур аркылуу Батыш Казакстан жана Орусияда өндүрүлгөн мунайды башка жактарга ташыйт. Компаниянын 24% Орусияга, 19% Казакстанга, калганы чет элдик компанияларга таандык.
Ушул эле дем алышта деңизде бараткан эки орусиялык танкерге болгон чабуул тууралуу кабарланган. Түркия бул соккулар үчүн кайсыл бир тарапты айыптаган жок, бирок бул окуялар Түркиянын эксклюзивдик экономикалык аймагында болгонун белгилеп, өрт чыккан танкерлердеги экипаж куткарылып, кемелер жээкти көздөй ташылып келатканын кошумчалады.