Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын сааты боюнча 10:00гө карата чет өлкөлөрдөгү бардык шайлоо тилкелеринде добуш берүү аяктаганын билдирди. Соңку эсеп менен 26 миң 66 кыргызстандык добуш берген. Мекеме 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоого катышкандар 9 миң 826га жеткенин кошумчалаган.
“Акыркылардан болуп АКШнын Филадельфия, Чикаго, Вашингтон, Нью-Йорк шаарларында, ал эми эң соңунда Сан-Франциско шаарындагы тилкеси эшигин жапты”, - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Быйыл парламенттик шайлоодо 34 өлкөдө, анын ичинде 89 шаарда 100 шайлоо тилкеси ачылды. Тышкы иштер министрлиги мындан тышкары четтеги жарандардын шайлоого катышуусу үчүн мыйзамдык жеңилдиктер каралганын билдирген. Ага ылайык, мурда добуш берүү үчүн четтеги жарандын консулдук каттоого туруусу шарт болсо, азыр мындай талап алынып салынган.
Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жараяны өттү.
Парламенттеги 90 орун үчүн 460 талапкер ат салышты. Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси иштеди. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке ачылган.