Днепрде ракета чабуулунан үч киши каза тапты, Дагестандагы калаа дрон соккусуна кабылды

Днепр шаарына урулган соккудан кийин. Украина, 1-декабрь 2025-жыл

Украинанын Днепр шаарында ракета соккусунан үч киши каза тапканын, сегиз тургун жараат алганын облус губернатору Владислав Гайваненко билдирди.

Аймактын администрациясы машина оңдогон жай жана ишкана зыян тартканын кошумчалады.

Орусия ракета соккусун комментарийлеген жок.

Ал эми Сумы облусунда орусиялык дрон карапайым кишилер бараткан машинаны бутага алганда 53 жаштагы айдоочу набыт болду, жанындагы жүргүнчү жараланды. Бул тууралуу облус администрациясынын жетекчиси Олег Григоров маалымдады.

Орусия менен чек арадагы Сумы такай аткылоого туш болот. Орусиялык аскерлер аларга байланыштуу комментарий бербейт.

Украин куралдуу күчтөрү дүйшөмбү күнү эртең менен Орусия 89 дрон менен чабуул койгонун билдирди. Алдын ала маалыматка караганда, 63 учкучсуз учак атып түшүрүлдү же заянсыздандырылды.

Өз кезегинде Дагестандын жетекчиси Сергей Меликов украиналык учкучсуз учактар 1-декабрда түн ичинде Каспийск шаарына сокку урганын билдирди, бирок кандай зыян келтирилгенин айткан жок.

Жергиликтүү жашоочулар жардыруулар болгонун маалымдаган. Astra сайты күбөлөрдүн кадрларын талдап, турак жайдын терезелери күбүлүп түшкөнүн жана унаа токтотуучу жайдагы машиналар жабыркаганын кабарлады. Жергиликтүү маалымат каражаттары чабуулга кабылган жердин жанында “Дагдизель" заводу орун алганын жазышууда. Бирок басылма көп кабаттуу үй менен ишкана ортосундагы аралык 3 жарым километр экенин аныктады.

Орусиянын Коргоо министрлиги дүйшөмбүгө караган түнү украиналык 32 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Согуш шартында тараптардын маалыматтарын ыкчам текшерүү мүмкүн эмес.

Орусиянын агрессиясына жооп иретинде Украина Москванын согуш машинасын камсыздаган ишканаларды бутага алып келет.

Дагы караңыз

Парламенттик шайлоо: Aлдыга чыккан талапкерлер ЕККУнун байкоочулары Кыргызстанда шайлоо натыйжалуу өткөнүн, бирок чектөөлөрдүн терс таасирин белгиледиЖапаров келерки парламенттик шайлоодо онлайн добуш берүүнү киргизүү каралып жатканын айтты