Түркмөнстандын Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду каракалпакстандык эки активисттин кылмыш ишинин чоо-жайын маалымдады.
Аларга Өзбекстанда интернетте жикчил материалдарды тараткан деген айып тагылган. Ушундай эле дагы бир нече иш Каралкапакстандын сотунда каралууда.
19-ноябрда кассациялык сот Шахноза Жанабаеванын өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.
Фонддун маалыматында, Шымбай райондук соту 30 жаштагы Айбек Жолдасбаевди үч жылга эркинен ажыраткан. Сот ага интернетти колдонууга жана жумушунан башка жерге барууга тыюу салды. Телефонун “кылмыш куралы” катары конфискациялашкан.
Соттук материалда айтылгандай, 2022-жылдагы окуялар учурунда Алматыда курулушта иштеп жүргөн Жолдасбаев Qaraqalpaq perzentlerimiz Телеграм каналында бийликтин саясаты тууралуу ойлорун жазып, аудио жана видеолорду башкаларга салып турган.
Тергөөчүлөр ал мыйзамсыз митингдерге чакырган жана жикчил идеяларды жайылткан деп эсептейт. Атап айтканда, өкүмгө анын “Каралкапакстандын эркин болушун каалайбыз” деген сөздөрү камтылган.
11-ноябрда Тахтакупир райондук соту 32 жаштагы Азиз Калимбетовду үч жылга кесип, интернет колдонууга, түнкүсүн үйүнөн чыгууга тыюу салды.
Тергөөнүн версиясына ылайык, ал Инстаграм жана Телеграмга жарыялаган материалдарды экспертиза "жикчил" жана жумурияттагы нааразылык акцияларынын жетекчиси Даулетмурат Тажимуратовду “мактаган” комментарий деп мүнөздөгөн.
Хельсинки фондунун көз карашында айыпталып жаткандардын бир дагы комментарийин демократиялык коомдо "кабыл алынгыс" деп баалоого болбойт .
Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном республикасында (КАО) нааразылык тутанган. Ал жылы 1-2-июлда автономиянын борбору Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Ошондон кийин президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүлбөй турганын айткан.