"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.
Эл аралык Мунапыс уюму Кыргызстандагы июнь коогалаңын иликтөөдө бардык тараптарды адилеттүүлүк менен чындыкка жетүүгө чакырат.
АКШ президентинин Ооганстан менен Пакистандагы атайын чабарманы, «көк жал» атка конгон Ричард Холбрук 69 жашында көз жумду.
АКШ профессору Кыргызстанда парламентаризм ийгилиги, кемчилиги тууралуу 5-10 жылдан кийин гана сөз кылса болоорун айтат.
2-декабрда Жогорку Кеңеш депутаттары парламент төрагасын шайлай албай, өкмөт курамын да бекиткен жок.
Wikileaks сайты дипломатиялык чөйрөдөгү 250 миңден ашуун жашыруун каттарды жарыялап салды.
Жалал-Абад облусунда экологиялык жактан таза пахта өндүрүлүүдө. Европалык долбоор каржылаган пахтанын түшүмү азыраак болгону менен сапаты дүйнөлүк стандарттка жооп бергендиктен баасы кымбат.
Кыргызстандын Коомдук сыналгы жана үналгы компаниясынын (КТРК) башкы директорлугу үчүн экинчи жолу сынак жарыяланды.
30-октябрда Сокулуктун Төмөнкү Чүй айыл өкмөтүндө жол талаштан чатак чыккан. 65 жаштагы Сабилла Гапаров оор жаракат алып ооруканага жаткырылган.
Соңку 2 айда нандын баасы орточо эсеп менен 2-3 сомго өстү. Өлкөдө 1 млн. тоннага жетпеген буудай алынды. Карапайым калк кооптонууга негиз барбы?
Transparency International уюму 2010-жылы дүйнөдөгү коррупциянын деңгээли боюнча баяндама жарыялап, анда Кыргызстан 164-орунду ээледи.
Кыргызстанда азыр 1 миллион 600 миң киши жакырчылыкта жашаарын аз күн мурда президент Роза Отунбаева жарыя кылды.
7-октябрда Швециянын Падышалык Академиясы 2010-жылдагы адабият боюнча дүйнөлүк Нобел сыйлыгынын лауреатын жарыялады.
Учурда эл аралык издөө жарыяланган саясатчы, Жалал-Абаддагы өзбек маданий борборунун директору К.Батыров Кыргызстанга кайтып келерин айтты.
"Dе-факто" гезитинин редактору Чолпон Орозобекова Орусиянын Кыргызстанга карата маалыматтык чабуулу, парламентаризмдин мааниси тууралуу.
Кыргызстан башкаруунун парламенттик системасын тандап алгандан тарта өлкө ичинде, аны менен катар чет жактарда талкуулар уланууда. Кээ бир жергиликтүү саясий күчтөр күчтүү президенттик бийликти жактырса, Орусия сыяктуу өнөктөш мамлекеттердин айрымдары Кыргызстандын Борбор Азияда биринчилерден болуп парламенттик башкарууга бет алуусуна каршылыгын билдирип келишет.
28-сентярда Орусия президенти Д.Медведев Москванын шаар башчысы Ю.Лужковду «ишеним жоготкондугу үчүн» кызматтан алды. 18 жыл Москванын өкмөтүн жетектеп келген Ю.Лужковго карата маалымат чабуулу өткөн айда башталып, коррупцияга жана тууганчылыкка жол берген деп айтыпталган.
Жаңырчу жумада Дүйнөлүк шахмат федерациясынын таанымалдары Сибирдин Ханты-Мансыйск шаарында чогулуп, бул эл аралык уюмдун жаңы президентин шайлайт.
22-сентябрда Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын пленардык отурумунда сүйлөгөн сөзүндө соңку алты айдагы Кыргызстандагы окуялар өнүгүү, демократия жана коопсуздук бири-биринен ажырагыс экендигин далилдегенин дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборуна койду.
Дүйнөнүн 28 өлкөсүндө мектеп окуучуларынын абалын чагылдырган жаңы баяндама жарык көрдү. «Билим алууга глобалдык чакырык» деп аталган коалиция жүргүзгөн иликтөөдө өнүгүп келаткан жана жакыр өлкөлөрдө 70 миллиондой бала мектептен сыртта калганы жарыяланды.
18-апрелде Ооганстанда Воласи Жыргага шайлоо өтөт. Парламенттин төмөнкү палатасындагы 249 депутаттык орунга 2447 талапкер ат салышууда. Алардын 430у аял.
Дагы жүктөңүз