"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Өзбекстан аймагындагы Барак эксклавынын тургундары толук көчүп келди. Кыргыз бийлиги Баракты Өзбекстанга алмашып, ал үчүн 208 гектар жер алганын билдирген. 2013-жылы Өзбекстан эксклавга кеткен жолду бир тараптуу жапкан соң барактыктар 300 чакырымдай аймакты айланып өтүүгө аргасыз болушкан.
Кыргызстанда эки негизги ГЭСти реконструкциялоого байланыштуу жарык өчүрүлө баштады. Бул жагдай карапайым калкка түйшүк жаратып, нааразылыктарга себеп болууда.
Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын Кызыл-Шарк айылында төрт киши көмүрдүн исине ууланып каза болду. Алардын үчөө - наристе. Орусияда мигрант болуп жүргөн үй-бүлөнүн башчысы жакындарын акыркы сапарга узатууга үлгүрбөй калды.
Кара-Суу базарындагы айрым ишкерлер жеке менчик укуктарын сактап берүү өтүнүчү менен өлкө бийлигине кайрылууда. Аларга тиешелүү менчик жер тилкеси соттун чечими менен Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына өткөнүн базар жетекчилиги эскерткен.
Оштун Кара-Суу районунун 30га чукул тургуну жер маселесине байланыштуу президенттин облустагы өкүлүнө кайрылып, “Жер мунапысы” жөнүндө жарлыктын мөөнөтү бүтүп баратканын, турак-жайларын мыйзамдаштыра албай жатканына даттанды.
Ош шаарында кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга айыпталып издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун үйүнүн дарбазасына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мөөр басып кетти.
“Ислам каржы кооперативине” нааразы болгон ондогон үлүшчү Ош шаарында чогулуп, салган каражаттарын кайтарып берүүсүн талап кылды. Алардын баары кооперативге турак жай жана автоунаа, сатып алуу үчүн акча төгүп, кайтара албай жатканына даттанды.
Оштогу “Астра Плюс” компаниясынан турак жай сатып алган 40ка чукул жаран компаниянын ишине нааразы болушууда. Алар турак жайларын компания келишимде көрсөтүлгөн убакта бүткөрүп бербегенин айтып даттанууда. Ош шаардык мэриясы бул курулушту мыйзамсыз салынган имараттардын катарына кошкон.
Ош шаарында медиа өкүлдөрү жана юристтер “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулап, мыйзамга камтамачылыгын билдирди.
Былтыр Оштогу “Боорукердик” балдар үйүндө өрт чыгып, жараксыз абалга келген. Ал жерде тарбияланып келген өспүрүмдөрдүн баары фостердик үй-бүлөргө берилген. Учурда эки гана бала фостердик үй-бүлөдө жашап жатат. Калган өспүрүмдөр ар кандай жагдайларга байланыштуу кайра балдар үйүнө кайтарылды.
Ош шаарындагы бала бакчалардын биринин жетекчиси милицияга пара берүүгө айыпталып кармалды. Мунун алдында бала бакчада балдарды атайын тарбиялоо программасына туура келбеген диний сабактарды өтүп жатканы тартылган тасма интернетке тараган.
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп милициянын тизмесинде турган Майрамбек Низамов (каймана аты - Коён) кайра кармалды. Ал бир жылда төрт жолу кармалып, төрт ирет тең үй камагына чыгып кеткени укук коргоо органдарынын дарегине айтылган сын-пикирди күчөткөн.
Ош шаарындагы Жашылдандыруу ишканасы көп жылдык дарактын кыйган кафенин үстүнөн укук коргоо органдарына кайрылмай болду. Шаар мэриясы коомдук тамактануучу жай менен түзгөн келишимин бир тараптуу токтоторун билдирди. Жарым миллион калк жашаган шаарда жашыл тилкелердин аянты чоң деле эмес.
Ош шаарынын четиндеги жаңы конуштарда мектептин жоктугу жашоочуларды түйшүккө салууда. Алай -1, Алай - 2 конушундагы тургундар жергиликтүү бийликке кайрылып, мектеп маселесин көтөрүшүүдө. Мындан бир топ жыл мурун башталган мектептин курулушу али да аяктай элек.
Ошто Кытайдан жүк ташыган айдоочулар бүгүн да чогулду. Алар Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы Эркечтам өткөрмө пунктунда тыгын жаралганын айтып, Кытайга кирүүгө уруксат тууралуу документтер кезек менен берилишин талап кылууда.
Оштогу аскер бөлүгүндө 18 жаштагы жоокер Руслан Эрменбаев каза болду. Чек ара кызматына караштуу бөлүктүн жетекчилиги жоокер "этиятсыздыктан улам өзүн-өзү атып алган" деп билдирди.
Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Матраимовдорго байланышы бар деп иштен алынган кызматкерлер боюнча пикирин билдирди. Ал "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан саясатты колдой турганын айтты.
Ошто жан-жаныбарларга операция жасоо, дарылоо үчүн ветеринардык клиника түптөлүп иштей баштады. Азыркы учурда ветеринарлар кой- эчкилерди УЗИ, рентген аппараты менен текшерип, ит-мышыктарга кастрация, (бычуу) стерлизациялоону жасап жатышат.
Дагы жүктөңүз