Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) утуп чыккандар арасында бийликке жакын талапкерлер басымдуу болду деп баалады. VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңеш кандай болот? Көз каранды болуп, бийликтин жетегинде калышы ыктымал деген кооптонуулар канчалык негиздүү?
Орус президенти Владимир Путинди Бишкекке расмий аткаминерлерден башка, бир нече ишкер-олигархтар коштоп келди. Алар Роман Абрамович, Муса Бажаев, “Промсвязьбанктын” башчысы Петр Фрадков жана башкалар. Бул үч адам тең эл аралык санкцияларга кириптер болгон, чуулгандуу ишкерлер.
Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин жолугушуусу 26-ноябрда "Ынтымак Ордодо" өттү.
Улуу Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү улуттук агенттиги өлкө аймагында криминалдык жол менен келген акчаны адалдаган ири түйүн эл аралык санкцияларды айланып өтүү жана Украинадагы согушту каржылоо максатында Кыргызстандагы “Керемет Банктын” акциясынын көзөмөл пакетин сатып алганын билдирди.
Чүйдөгү кытай жарандары аралашкан окуядан кийин Ички иштер министрлиги кытай элчилиги жана ишкерлери менен жолугушуу өткөрдү.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда азык-түлүктүн баасын жөнгө салуу боюнча өкмөт кабыл алган чечимдер аткарылбай жатканын билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого талапкерлерди каттоо 7-ноябрь күнү жыйынтыкталды. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 8-ноябрда билдиргендей, 30 шайлоо округунда жалпысынан 467 талапкер катталды, алардын 276сы эркек, 191и аял. БШК 6-ноябрь күнү 37 кишини талапкер катары каттоодон баш тарткан.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) бир нече мыйзам-кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Кыргызстанда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Көздүн микрохирургиясы” клиникасынын директору Алмазбек Исманкулов коррупцияга шек саналып кармалганын билдирди.
Кыргызстанда жаңы түптөлгөн “Берекет Банк” юридикалык каттоодон 20-октябрь күнү өттү. Юстиция министрлигинин базасындагы маалыматка караганда, банктын негиздөөчүлөрү катары президенттин уулу Нурдөөлөт Нургожоев менен Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Марат Султанов көрсөтүлгөн.
Кыргызстанда соңку 3-4 жылдан бери кыймылсыз мүлктүн жана батирдин ижара баасы токтоосуз өсүп келе жатат. Башкалаа Бишкекте жыл башынан бери дагы 25-30% чейин өстү. Турак жай баасы 30% кымбаттады. Өткөн айда Numbeo ресурсу Бишкекти жашоого кымбат шаарлардын катарына киргизген эле.
АКШнын Финансы министрлиги Орусиянын мунай компаниясына каршы санкция салды. "Кара тизмеде" ири “Роснефть” жана “Лукойл” компаниялары бар.
Дүйнөлүк базарда алтын кымбаттап жатат. Кыргызстанда да Улуттук банк менен “Кыргызалтын” ачкан алтын куймаларын саткан дүкөндөрдө баа улам өсүп, ошого карабай сатып алууга кезекке тургандар көп болууда. Алтын баасынын көтөрүлүп жатканынын себеби эмнеде? Мындан өлкө экономикасына кандай пайда болот?
Кыргыз бийлиги виртуалдык актив жана блокчейндерди өнүктүрүүнү көздөөдө. Бул жаатта Улуттук кеңеш түзүп, анын экинчи жыйынын өткөрдү. Жыйынга президент өзүнүн кеңешчиси кылып дайындаган Binance криптовалюталык компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао да катышты.
Украинадагы согуштан улам бир катар өлкөлөрдүн изоляциясында калган орус президенти Владимир Путин жакын өнөктөштөрү саналган борбор азиялык лидерлер менен жолугушуу өткөрдү.
Тажикстандагы “Борбор Азия-Орусия” саммитине алты өлкөнүн президенттери катышты. Анда кыргыз президенти Садыр Жапаров бул форматтагы биринчи саммиттен бери Борбор Азиядагы коопсуздук кырдаалы оң жагына өзгөргөнүн айтты.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев менен шаардык кеңештин депутаттарынын тиреши ачыкка чыкты. Бул ирет шаардык кеңештин жыйынына мэрдин катышпай кетип калганы нааразылык жаратты. Соңку учурларда жергиликтүү кеңештердин ролу төмөндөп, аткаруу бийлиги ага отчет бербей калганы талкууга түштү.
Бишкектин Ак-Ордо конушунун айрым тургундары мыйзамсыз курулган деген негизде турак жайларын бузууга эскертүү берилгенине даттанууда. Ал тапта Бишкек мэриясы мыйзамсыз курулуштарды бузууну убактылуу токтоткондугун жарыялады.
Быйылкы кургакчылыктын жана электр энергиясын керектөөнүн өскөнүнөн улам Токтогул суу сактагычында жетиштүү суу топтолбогону белгилүү болду. Былтыркыдан 1,6 млрд кубга аз. Токтогул ГЭСи электр жарыгынын 33% өндүрөт.
Дагы жүктөңүз