"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады. Эми шектүүлөрдүн адвокаттары кылмыш ишинин материалдары менен тааныша баштайт.
Ат-Башы районунун тургундары "чек арага жакын жерге соода-логистикалык борбор курулса, Кытай жерди тартып алат" деп чочулашууда.
Белгисиз адамдар токмоктоп кеткен журналист Болот Темиров соцтармактар аркылуу кескин билдирүү жасады.
Солтон-Сарыдагы компаниянын жетекчилери алтыны бар кошулма уурдап бараткан жеринен кармалды.
Кочкор районунда 37 жаштагы аял жаңы жыл майрамын тосуп жаткан түнү күйөөсүнүн токмогунан каза тапты. Бул окуядан кийин киши өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары маркумдун 34 жаштагы күйөөсү кармалып, камакка алынды.
Өткөн аптада эки аял күйөөлөрүнүн колунан каза тапты. Бул чуулгандуу эки окуя үй-бүлөдөгү зомбулук маселесин күн тартибине кайрадан чыгарды.
«Паспорт чыры» боюнча иш козголгон Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчилерине өкүм чыкты.
"Азаттык" аймактар жашаган тургундардан "2019-жыл эмне менен эсиңизде калды жана жаңы жылга кандай тилегиңиз бар?" деген сурамжылоо жүргүздү.
Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) берип жаткан грантка Футбол борбору Арча-Бешик жаңы конушунда курулат.
Кыргызстандын Футбол федерациясы менен Бишкек мэриясынын ортосунда пикир келишпестик чечиле элек.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын мүчөлөрүнүн үчөө үй камагына алынып, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев камалды.
27-декабрда таңга маал Алматы шаарынын жанына кулаган учак кырсыгынан кеминде 12 адам каза тапты.
26-декабрда өлкөнүн чар тарабынан окууда жана коомдук иштерде мыктылыгын көрсөтө алган миңден ашык окуучу Улуттук филармонияда президенттик балаты майрамына чогулушту. Арасында балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары да бар.
Дүйнөгө аты чыккан кайберендердин Кыргызстандагы саны 17 миңге жетет. Анын дээрлик жарымы Нарын облусунда. Жыл сайын бул жапайы жаныбарга санак эки жолу жүрөт. Жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу департаменти жүргүзгөн быйылкы кышкы санакка кабарчыбыз Мирлан Кадыров да күбө болду.
Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан баш-аягы тогуз адам жараат алды.
Учурда "Ачык өкмөт" өнөктөштүгү долбоорунун 20 пайызы гана ишке ашты.
Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «Биз тумчугуп баратабыз! Бизге таза аба керек!» деген акция өттү. Чогулгандар бийликти шаарды каптаган түтүн маселесине көңүл буруп, кескин чара көрүүнү талап кылышты.
Кыргызстанда билим берүү акысыз. Бирок ушундай шартта балага билим берүүдө ата-эненин салымы, орду, мектеп менен алакасы кандай болушу керек? “Азаттык” бул суроого эл арасынан жооп издеп көрдү.
10-декабрда Баткендин Сүлүктү шаарындагы шахтада газга ууланып төрт киши каза болду. Мамлекеттик экотехинспекция кырсык катталган шахтада коопсуздук эрежелери сакталбаганын айтты.
Дагы жүктөңүз