Токмок шаарында аймактык оорукана, наристелер үйү баш болгон социалдык мекемелер кыш мезгилинде жылуулуксуз калды. Буга шаардын газга болгон карызы 42 миллион сомго жеткени себеп болду. Мындан улам “Газпром-Кыргызстан” компаниясы “Жылуулук” ишканасына көгүлтүр от берүүнү токтоткон. Шаар бийлиги бүгү
Шайлоого камылганын жүрүшүндө бир катар көйгөйлөр бар экени ачыкка чыкты.
“Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюмунун өкүлү Бегалы Наргозуев "Азаттыкка" маек курду.
Парламенттеги көпчүлүк коалициянын бузулушу, соңку саясий окуялар тууралуу коомдук жана саясий ишмер Эмилбек Каптагаев "Азаттык" радиосуна маек курду.
24-октябрда БУУнун күнү белгиленет. 1945-жылы ушул күнү дүйнөлүк уюмдун уставы күчүнө кирген. Уюмдун биринчи документи катары Адам укуктары боюнча декларация кабыл алынган. Кыргызстан уюмга 1992-жылдан бери мүчө.
Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү жалданып киши өлтүрдү деген шек менен эки кишини кармады. Милиция муну акыркы жылдардагы өтө сейрек факт деп жатат.
Балыкчы-Корумду жолун куруп жаткан кытайлык “Лонг Хай” компаниясына өкмөт экинчи даражадагы лицензия бергени маалым болду. Мурда анын үчүнчү даражадагы лицензиясы бар болчу.
Үч ай мурда Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылында өз үйүнүн алдында автоунаасы жардырылып, бир колу менен көзүнөн ажыраган прокурорго кол салууга шектүү адам кармалды.
Жарандык активисттер 13-октябрда эл аралык нормалардын негизинде саясий туткундарды коргоо форумун түзгөнүн жарыялады.
Бишкекте Эл аралык кыздар күнү белгиленүүдө. Ага карата бүгүн БУУ өкүлчүлүгүндө активист, спортчу, милицияда иштегендер жана мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар парламенттин бир катар депутаттары менен жолугушуп, укук жана башка олуттуу маселелерди сүйлөшөт.
Депутат Дастан Бекешов мамлекеттик кызматкерлердин иш убактысында социалдык түйүндөрдө отуруусуна тыюу салууну өкмөткө сунуштады.
Чүй облустук соту өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароону 11-октябрда улантат. 4-октябрда башталган жараян курч мүнөздө өттү.
Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын мамлекеттик карызы ички дүң продукциянын 70 пайызына теңелип калганын эскертти.
Кыргызстанда референдумга каршы жана парламентти таратуу боюнча кол топтоо башталды. Аны уюштуруп жаткан “Референдумга жол жок!” кыймылынын жетекчилеринин бири Кадыр Кошалиев "Азаттык" радиосуна маек курду.
Парламенттин экс-спикери, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коалициялык көпчүлүктөгү ыйкы-тыйкылар, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракеттери тууралуу “Азаттык” радиосуна маек курду.
Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси жакын арада парламентке сунушталат. Өткөн апта соңунда эки жума мурун узартылган коомдук талкуунун мөөнөтү аяктады.
Кыргызстанда Азиздер жана дүлөйлөр коомуна байланышкан чыр басыла элек. Бүгүн аталган коомдун бир катар мүчөлөрү маалымат жыйын курушуп, жаңы жетекчини дайындоодо эреже бузуулар болгонун айтып чыгышты.
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректорлук кызматына кыргызстандык жаранды дайындоо демилгеси боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Сайназаров "Азаттык" радиосуна ой бөлүштү.
Үңкүр-Тоого байланышкан кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек. Өзбекстан кармап кеткен телемунаранын төрт жумушчусун бошотпой жатат.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин 2020-жылга чейинки өнүгүү программасы талкууга түштү. Анда кайсы маселелер камтылып, эмне эске алынбай калды? Оштон көз карандысыз эксперт Эркин Абдразаков "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берди.
Дагы жүктөңүз